Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

БҮГҮН ПРЕМЬЕР-МИНИСТР «БАКАЙАТА» КОНУШУНА БАРАТ


13-ноябрда премьер-министр Николай Танаев “Бакайата” жаңы конушуна барып, ал жерде курулуп жаткан мектепти көрөт. Бишкекти курчай салынган жаңы конуштар шаарга караганы менен, алардын жашоо-тирилиги айылдардыкындай абалда калганы белгилүү.

Жаңы конуштардын тургундары - негизинен өлкөнүн жети облусунан көчүп келген жаштар. Көбү жумушсуз. Алар мектептен, телефон байланышынан, таза суудан, унаадан кыйналып келатышканы белгилүү. “Шаардагы айылдыктардын” мындай көйгөйлөрүн чечүү максатында премьер-министр башында турган өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Николай Танаев бүгүн “Бакайата” конушундагы абал менен таанышат. Ал тууралуу Үй куруучулардын бириккен жогорку штабынын координатору Абыш Нургазиев мындай дейт:

- Бул киши жаңы конуштарды дайыма кыдырып турат. Бул жолу “Бакайата” конушунда салынып жаткан мектепти көрөт. Анын курулушун бүтүрүш үчүн акча керек. Кудайга шүгүр, соңку жылдары өкмөт каражат жагынан колдон келген жардамын берип жатат. Мындан 5-6 жыл мурда 30 млн. сомдун тегерегинде акча каралса, быйыл 170 млн. сомдун тегерегинде акча жумшадык. 3 мектеп салынып, пайдаланууга берилди. “Арчабешик”, “Касым”, “Акбосого” жаңы конуштарында заманбап мектептер ачылды.

Ал эми Бишкектин “Алатоо”, “Акбосого” сыяктуу жаңы конуштарынан Жогорку Кеңешке шайланган депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, республикалык бюджеттен мындай конуштар үчүн жетиштүү каражат бөлүнгөн жок.

- Жаңы конуштарда 100 миңден ашуун эл жашайт. Чындыгын айтыш керек, быйыл республикалык бюджеттен аларга жетиштүү каражат бөлүнгөн жок. Бирок негизги жардамды Бишкек мэриясы көрсөтүп келатат, - дейт Каныбек Иманалиев.
XS
SM
MD
LG