Линктер

logo-print
жекшемби, 30 октябрь, 2016 Бишкек убактысы: 12:31

М.Ходорковский тергөө абагында эки жылга дейре кармалышы мүмкүн


Орусиянын бийликтери "ЮКОС" мунай компаниясынын бир катар бөлүмдөрүнүн лицензияларын иликтөөгө киришишти. "ЮКОСтун" көпчүлүк филиалдары орун алган Ханты-Мансийск жана Ямало-Ненецк чөлкөмдөрүнүн жетекчилиги компаниянын экологиялык талаптарга ылайык иштегени изилденет деп билдиришти. Москвада Орусиянын башкы прокурорунун орун басары Владимир Колесников "ЮКОСтун" экс-башчысы Михаил Ходорковский ага каршы козголгон кылмыш иши иликтенип бүтмөйүнчө тергөө абагында отурат деп жарыялады. "Иш ыкчам алдыга жылып кетсе, Ходорковский эки айдан кийин Орусиянын соту алдында жооп бериши мүмкүн. Ал эми иш татаалданып кетсе, ал эки жылга дейре абакта отуруп калышы ыктымал", - деди баш прокурордун орун басары. Орусиянын эң бай адамы эсептелинген Ходорковский 25-октябрда Сибирге учуп барган жеринен камакка алынган. Анын адвокаттары бизнесмен саясий куугунтукка кабылганын айтышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG