Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Грузиянын оппозиция лидерлери президент Шеварднадзе менен жолугушуудан баш тартышты


Анда парламенттик шайлоонун тегерегиндеги талаш-тартыштар талкууланмак. Белгилүү оппозициячыл саясатчы Михаил Саакашвили парламент имаратында грузин президентинин чабармандары менен маектешкен соң, Шеварднадзе мунаса табуу ниетин эч билдирген жок деп жарыялады. Экинчи бир оппозициячы Зураб Жвания президент менен сүйлөшүүдөн майнап чыкпайт деп кошумчалады. Грузияда 2-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктары жарыялана элек. Алгачкы эсептерге ылайык, алдыга өкмөтчүл "Жаңы Грузия үчүн" блогу озуп чыккан.

XS
SM
MD
LG