Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:13

Нарын АЙЫП, Прага 12-ноябрда Ирактын америкалык убактылуу башкаруучусу Пол Бремер Вашингтон шаарында АКШ президенти Жорж Буш менен жолугуп, Ирактагы абалды талкуулады. Анын алдында Бремер башка да америкалык жогорку жетекчилер менен сүйлөшкөн, бирок ал жыйындарда кандай чечим кабыл алынганы тууралуу азырынча жарыялана элек.

Америкалык эксперттердин айтымында, мынчалык жогорку деңгээлде жана шашылыш түрдө өткөрүлгөн жыйындарда сөзсүз кандайдыр бир олуттуу чечим кабыл алынууга тийиш жана ал Пол Бремер Иракка кайтып баргандан кийин жарыяланышы мүмкүн. Бремер Багдадга 13-ноябрда кайтып келди.

Негизги маселе - америкалыктар өздөрү дайындаган Ирактын Башкаруучу кеңешинин ишине алар канааттанбай жатканында. Октябр айында Бириккен Улуттар тарабынан Ирак боюнча кабыл алынган резолюцияга ылайык, өлкөнүн жаңы конституциясын ким жана качан даярдай турганын, андан тышкары жалпы элдик шайлоо качан жана кандай шартта өтө турганын Кеңеш 15-декабрга чейин аныктоого тийиш. Бирок Ирактын убактылуу тышкы иштер министри Хошьяр Зубари коопсуздук маселелеринен улам иш кечеңдеп жатканын өткөн аптада билдирди.

Аны менен катар, Кеңештин мүчөлөрү ортосунда бир топ өз-ара араздашуулар да бар, алардын кээ бирлери уюмдун жыйындарына келбестен, өз маселелери менен алек. Ошол эле учурда Башкаруучу кеңеш кээ бир чечимдерди бир добуштан кабыл алып, америкалыктардын кыжырын келтирүүдө. Мисал үчүн, АКШ көп күч жана убакыт коротуп, Иракка аскер жиберүүгө түрк өкмөтүн көндүргөн жана коалициялык күчтөргө өзүнүн 10 миң аскерин кошууга Түркия октябрда макул болгон. Бирок Башкаруучу кеңеш ноябрдын башында ага каршы чыкты жана Вашингтон менен Анкара ага макул болгондон башка арга тапкан жок.

АКШ үчүн Иракка мүмкүн болушунча көбүрөөк чет өлкөлүк аскер топтоо - өтө орчундуу маселе, анткени аны менен Ирак маселеси жалаң эле америкалыктардын иши эмес экени далилденет. АКШ тарабынан даярдалган Бириккен Улуттардын резолюциясынын долбоору Алмания, Орусия жана Франциянын сунушу менен өзгөртүлүп, Ирактагы бийлик мүмкүн болушунча ылдамыраак ирактыктардын өзүнө берилүүгө тийиш деген чечим кабыл алынган жана 15-декабр деген чек коюлган. Анткен менен дал ушу мамлекеттер өз аскерлерин Иракка жиберүүдөн баш тартууда. 13-ноябрда болсо Жапаниянын өкмөтү дагы Иракка азырынча аскер жибербей турганын билдирди.

Ошондуктан АКШ азыр бир топ оор абалда. Согуш аяктагандан кийин Иракта каза болгон америкалык аскерлердин саны согуш учурундагы жоготуулардан ашып кетти. Коопсуздук маселелеринен улам, эл аралык уюмдар Ирактагы өз кеңселерин жабууда. АКШ дайындаган Башкаруучу кеңеш ойдогудай иштебей жатат, европалык мамлекеттер болсо Ирактагы реформаларды тездетүүнү талап кылууда. Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен 12-ноябрда радио аркылуу чыгып сүйлөп, Ирактагы бийлик ирактыктарга үстүбүздөгү жылдын аягына чейин өткөрүлүп берүүгө тийиш деп билдирди.

Вашингтондогу сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин журналисттер менен жолукканда, кандай чечим кабыл алынганын жана Иракты башкарууда кандай өзгөрүүлөр болоорун айтуудан АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл баш тартты: "Реформаларды тездетүүнү жана Ирактын жаңы өкмөтүнүн ишин мыйзамдуу кылууну биз каалайбыз. Башкаруучу кеңештин ишин үзүрлүү кылып, алар өз милдетин жана биз койгон талаптарды аткарышы үчүн биз колубуздан келген бардык нерсени жасап жатабыз".

Башкаруучу кеңештин кээ бир мүчөлөрү болсо анын укуктарын кеңейтип, кеңешке убактылуу өкмөттүн макамын берүүнү талап кылууда. Кээ бир ирактык саясатчылар болсо, өлкөдө орун алган бардык мүчүлүштүктөргө америкалыктар да жооптуу деген пикирде. Бардык тараптан кысымга алынган америкалык башкаруучулук азыр цейтнот абалында аракеттенүүдө.
XS
SM
MD
LG