Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

ОШКО КЕЛЧҮ ГАЗДЫН БАСЫМЫ КЕСКИН ТӨМӨНДӨДҮ


Кожогелди Култегин, Ош Өзбекстан тарап Ошко алты суткадан бери газ бербей жатат. Бул маселе боюнча жазган кыргызстандыктардын сураныч каттары да жоопсуз калууда.

Эч кандай макулдашуусуз, эч кандай эскертүүсүз эле Өзбекстан тарап 6-ноябрь күнү кечинде Ошко келчү газдын басымын кескин төмөндөтүп таштаган. Бүлбүлдөгөн отко азыр үч кашык суу да кайнабайт. Мындай нерсени “Өзбекстантрансгаз” акционердик компаниясынын Фергана шаарында жайгашкан магистралдык газ куур ишканасы алдын-ала Ошко кабарлап, себеп-жөнүн да кошо билдирип койчу эле. Бул жолу эмнегедир андай болгон жок. Ал турсун Өзбекстан тарап кыргыз эл депутаты, Ош газ чарба ишканасынын башчысы Д. Сабировдун колу менен жиберилген каттарга, “Кыргызгаз” акционердик коомунун төрагасы А.Сыдыковдун колу менен жиберилген телеграммаларга да көңүл буруп койгон жок. Бул тууралу Ош газ чарба ишканасынын өндүрүштүк бөлүмүнүн башчысы Махамадсали Алиходжаев мындай дейт:

- Өзбекстандын “Узтрансгаз” акционердик компаниясынын башкы директоруна ноябрдын жетисинен бери күнүгө 2-3 жолу кат менен кайрылып жатабыз. Бизге азыркы күнгө чейин бир да жооп боло элек. Биз бул боюнча “Кыргызгазга” күнүгө телеграмма берип турабыз, газдын басымын нормалдуу абалга жеткириш үчүн. Бул боюнча азыркы күндө натыйжалуу жооп ала элекбиз.

Кыргыз өкмөтү бул ишке азырынча аралашпай оолак турат. Анын бир себеби - Кыргызстан Өзбекстанга газ боюнча карыз. Газ боюнча Ош облусунун жана Ош шаарынын карызы тууралу Ош газ чарба ишканасынын жаратылыш газын таркатууну каттоо кызматынын башчысы Шавкат Кенжебаев мындай деди:

- Азыркы күндө биздин башкармалык боюнча 75 млн. 992 миң сом карыз бар, газ боюнча. Мында калктын карызы 72 млн. 74 миң сом, Карасуу шаарыныкы - 445 миң сом. Мындан тышкары, өнөр жай ишканаларынын карызы - 2 млн. 952 миң сом, коммуналдык ишканалардыкы - 434 миң сом, бюджеттик уюмдардыкы - 81 миң сом. Бул карыздар боюнча Коопсуздук кеңешинин чечими келген, прокуратура жана укук коргоо органдары билишет. Муну 20-декабрга чейин 20% азайтышыбыз керек. Бул жерде айтып коюш керек: карыздын көбүн чиновниктер төлөбөй жатышат.

Ошентип, Ошко газдын берилбей турушунда Өзбекстан эле эмес, Кыргызстандын, анын ичинде Оштун өзүнүн да күнөөсү бар сыяктуу. Ал эми 6-октябрдан бери аба ырайы Ошто кыйла суук тартып, газсыз жашоо кыйындап келатат. Электр жарыгы өчүп калган учурларда орозо кармаган мусулмандар ооз ачаарга тамагы жок азап тартууда.
XS
SM
MD
LG