Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

ИСА ПАЙГАМБАРДЫН КӨРНӨГҮ – ДИНИЙ КУЛЬТПУ ЖЕ МАДАНИЙ СИМВОЛБУ?


Кезектеги диний уктуруубуздан Италиядагы мусулмандар жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Жакында Аквила провинциясынын соту Навелли шаарчасындагы башталгыч мектептердин биринде исапарастардын көрнөк бурканынын илинип турушуна нааразы болгон мусулман бир кишинин арызын карап, аны канааттандырды. Италияда көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан бул чечим эми кассациялык сотто каралууга тийиш.

“Бир диндин символу болуп эсептелген көрнөктүн мектепте илинип турушу динге ишенүүнүн маданиятын түшүнүүдө калпыстыктарга алып келиши мүмкүн. Анткени католиктердин диний ишеними ааламдын чордону, абсолюттук чындык катары көрсөтүлүп, башка диндердин адамзаттын өнүгүүсүндөгү ролу, диндердин өз ара байланыштары жана алардын бири бирин шартташы жокко чыгарылууда”. Октябр айынын этегинде Аквила трибуналынын соту Марио Монтанаро ушундай мазмундагы чечим чыгарды. Антонио Силвера ди Офена деген башталгыч мектептин директору Иса пайгамбардын элеси тартылган сүрөттү алып салууга милдеттендирилди. Өлкөдө чоң чуу салган бул чечим Италиянын Мусулмандар бирикмесинин жетекчиси Адел Смиттин арызынын негизинде кабыл алынды. Смиттин эки баласы дал ошол мектепте окуйт.

Соттун пикиринде, окуу жайында көрнөктөрди экспозициялоо баардык элге таандык болбогон баалуулукту таңулоого тете. Андыктан бул Италиянын диний жана маданий плюрализмди жактаган конституциясына каршы келет.

Аквиладагы окуя бир катар диний ишмерлердин, саясатчылардын, жөнөкөй элдин нааразылыгын жаратты. Равенна шаарынын архиепсикопу Эрсилио Тонини мындай дейт: “Соттун буйругу кайсы укуктук базага негизделгенин түшүнө албай атам. Бир эле кишинин каалосуна ылайык, өлкөнүн баалуулуктуранын символун кантип алып салууга болот. Анда, келгиле, чиркөөлөрдү жок кылалы.”

Италиялык журналист Жованни Бенси бул окуяга бир аз сабырдуулук менен мамиле кылыш керектигин белгилейт:

- Диний символдор жөнүндө сөз кыла турган болсо, айрым учурларда алар сөзсүз түрдө жалгыз гана диний мүдөөлөрдү чагылдырбайт. Мисалы, мусулман өлкөлөрүндө дубалдарга Мухаммед пайгамбардын аты жазылган килем же сүрөттөрдү, табакчаларды илип коюу адаты бар. Аларды белгилүү бир маданияттын, цивилизациянын да символу катары кабыл алса болот. Андыктан калкынын көпчүлүгүн христиандар түзгөн өлкөдө көрнөктөрдүн илинишин айыптоого болбойт. Бирок Италияда ислам экинчи дин болуп саналат. Мектептерде башка коомдук жерлердеги сыңары эле, албетте, башка диндердин да өкүлдөрү бар. Аларга толеранттуу мамиле жасаш керек. Эмне үчүн башка символдорду да илип койбойбуз?

Италиядагы мусулмандардын көпчүлүгү да Смиттин бул демилгесине каршы чыгышты. Алардын айрымдарынын пикиринде, Смит исламды өзүн пропагандалоого пайдаланып жатат. Башкалары болсо бул окуянын арты акыры мусулмандар үчүн олуттуу болушу ыктымал дешүүдө.

Буга байланыштуу Жованни Бенсиге бүгүн Италиядагы мусулмандардын абалы кандай деген суроо менен кайрылдык.

- Италияда башка европалык мамлекеттердей эле ислам өлкөлөрүнөн агылган эмигранттар арбын. Элдин баары эле аларды кол жайып тосуп алган жок. Мисалы Умберто Боссинин Лега Норд партиясы өзүнүн ксенофобиялык принциптерин жашырбайт. Жакында ал Африкадан мыйзамсыз келген качкындардын кемелерин замбиректер менен тосуп алыш керек дегенге чейин барды. Бирок андан кийин партиянын жетекчилиги анын сөздөрү түздөн түз кабыл алынды деп, актанууга аракет жасады. Ошентсе да ошондой кеп айтылды. Аталган партия өкмөттүк коалицияга кирээрин баса белгилейт элем. Менимче, биз толеранттуу болушубуз керек. Ар бирибиз өз укуктарыбызды коргоого акылуубуз, ошол эле мезгилде, башкалардын да укуктарын эстен чыгарбоо керек, – дейт Бенси.

Ал эми жөнөкөй калк арасында кандайдыр бир касташуу байкалабы?

- Бул социалдык чөйрөгө жараша болот. Мисалы, интеллектуалдарды же маданият чөйрөсүн алсак, эч кандай дискриминация жок. Жумушчуларга келсек, алардын арасында мусулман өлкөлөрүнүн өкүлдөрү арбын жана алар абдан бааланат. Бул жерде да эскичил ой санаа көп байкалбайт. Чоң шаарларда болсо мыйзамсыз жүргөн мусулмандар арасында маңзаттары менен соода кылуу өңдүү кылмыш дүйнөсүнө кириптер болгондор көп. Аларга каршы көз караштар автоматтуу түрдө башка мусулмандарга да жайылат. Мындай көрүнүш жумушсуз иммигранттар көп болгон чоң шаарларга мүнөздүү, - дейт Жованни Бенси.

Адилеттүлүк үчүн айта кетели, жогоруда сөз болгон соттун чечимин колдогондор да бар. Коммунисттик кайра жаралуу партиясынын парламенттеги өкүлү Титти ди Симоне бул чечимди маанилүү деп эсептейт. “Анткени ал мамлекеттин секулярдуулугун эске алуу менен кабыл алынган. Мектеп болсо көп маданияттуу өлкөнүн баалуулуктарын үйрөтө турган баштапкы баскыч”, - деген ойдо италиялык коммунисттердин өкүлү.

Ал эми Италиянын Мамлекеттик адвокатурасы Аквила сотунун чечимин аткарууну убактылуу токтотууну буйруду. Мектептин дирекциясы болсо балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн деп окуу жайын жаап коюп, өткөн аптада кайра ачты.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG