Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Баткен облусунун акимчилиги Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине кат жазды


БАТКЕН. Бул катта Кыргызстан Бозадыр чегара бекетин мурдагы ордуна жылдырганына байланыштуу Өзбекстандын Шаркабат айылынын эли 11-ноябрда Ош-Баткен жолун тосуп чыкканы айтылат. Буга кыжырданган Баткен районунун калкы да Өзбекстандын Риштан-Сох жолун ушинтип жаап салуу талабы менен чыгышканы, бирок Баткен облусунун жетекчилиги буга жол бербегени белгиленет. Катта Сох районунун акими Хакимжан Сайфидиновдун мыйзамсыз аракеттери кошуна жашаган эки элдин ынтымагына доо кетирип жатканы тууралуу сөз болот. Эгер дагы бир жолу ушундай аракет жасалса, анда Баткен районунун жашоочулары да Риштан-Сох жолун жаап салууга даяр экени эскертилет. Баткен облусунун жетекчилиги өз катында эки жылдан ашуун Сох районунун чегинде турган Бозадыр чегара бекети мындан ары да тура берээрин билдирген. Эгер Сох анклавындагы мыйзамсыз чегара бекеттери алынса, анда кыргыз тарап да бул чегара бекетин ошол замат алып салаары катта жазылган. Бул маалымат бүгүн облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн алынды.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG