Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Кыргызстанда «FONEX» аттуу мобилдик жаңы телефон байланышы ишке киргизилди


БИШКЕК. Ушул дүйшөмбүдөн баштап Кыргызстанда «Актел» жоопкерчилиги чектелген уюму «FONEX» аттуу мобилдик жаңы телефон байланышын ишке киргизди. Буга байланыштуу бүгүн «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде басма сөз жыйыны болду. «Кател» жана «Бител» мобилдик телефон байланыштары менен атаандаш иштөө максатын көздөгөн бул кызмат «SDMA-2000» аттуу жаңы стандарт менен иштеп, ал Интернет байланышын түзүүгө ыңгайлашкан. «Актелдин» башкы директору Айбек Бакановдун айтымында, сөз болуп жаткан атаандаш эки компаниядан «FONEX» баасынын арзандыгы менен да айырмаланат. «Актелдин» уюштуруучулары - жергиликтүү «Estate Development» жана «Ace Trump» аттуу компаниялар. Бирок «Актел» мобилдик жаңы байланыштын баасын азырынча ачыктай элек.

XS
SM
MD
LG