Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Райондук сот Юсуп Көлбаевдин жесиринин өтүнүчүн канааттандырган жок


БИШКЕК. Бишкектин Свердлов райондук соту «Лукойл-Кыргызстан» биргелешкен ишканасынын мурдагы жетекчиси Юсуп Көлбаевдин жесиринин доо арызын карап, бирок канааттандырган жок. Чынара Көлбаева сотко «Лукойл-Кыргызстандан» бир жолку жөлөкпул жана күйөөсүнүн өлүмүнө байланыштуу моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган. Сот өз чечимин Ю.Көлбаев атып өлтүрүлгөнгө чейин ишкананын башкы директору эмес, анын милдетин аткаруучу болуп иштегендиги менен негиздеди. Чынара Көлбаева болсо мындай чечимге макул эмес. Анын айтымында, Юсуп Көлбаевдин өлүмүнө дал ушул башкы директорлукка дайындоо себеп болгон. «Юсуп Көлбаев 1997-жылы 17-мартта ишкананын директорлор кеңешинин отурумунда дайындалган» дейт Ч.Көлбаева. Ошондуктан ал райондук соттун чечимин жокко чыгарууну суранып, шаардык сотко кайрылууну көздөп жатат. Юсуп Көлбаев 1997-жылы мартта өз үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Бул кылмыш боюнча айып тагылган бир нече адам кийин соттолуп, ар кандай жазага өкүм кылынган.

XS
SM
MD
LG