Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Премьер-министр Бишкектин жаңы конуштарын кыдырып чыкты


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев «Бакайата», «Достук» жаңы конуштарын кыдырып, жамааттардын башчылары менен жолугушту. Жолугушууларда жаңы конуштардын инфраструктураларына байланышкан маселелер талкууланды. Бишкек шаарынын айланасында 25 жаңы конуш бар. Алар азыр 20 мектепке, 40 балдар бакчасына, 10 ооруканага муктаж. Алардын ичинде «Бакайата» жаңы конушунда азыр 50 млн. сомго бааланган 20 класстык мектеп курулуп жатат. Бирок азыр бул каражаттын жарымынан көбү өкмөт тарабынан бериле элек. Мындан тышкары, телефон орнотуу максатында 3 миңден 7 миң сомго чейин акча төлөп берген 150 үй-бүлөнүн акчасынын бир жарым жылдан бери дайыны жок. Ушул жана башка социалдык маселелерди премьер-министр өзү менен кошо барган тиешелүү тармак жетекчилерине тапшырды.

XS
SM
MD
LG