Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Сербияда мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо өткөрүлөт


БЕЛГРАД. Сербияда 28-декабрде мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Бул жөнүндө президенттик шайлоодогу негизги талапкер Сербиянын Демократиялык Партиясынын жетекчиси Драголюб Мицунович билдирди. Мындан мурда ушундай эле билдирүүнү вице-премьер-министр Небойса Кович жасаган эле. План боюнча, шайлоо келеерки жылдын аяк ченинде болмок. Сербиянын реформачыл коалициялык өкмөтүн ички пикир келишпестиктер менен коррупция жаңжалдары солкулдатып келет. Ушул жекшембиде сербдер өлкөнүн жаңы президентин шайлоо үчүн добуш беришет. Мындан мурдагы эки шайлоо, добуш берген жарандардын саны 50 процентке жетпей калгандыктан, жараксыз деп табылган болчу.

XS
SM
MD
LG