Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

БИШКЕКТИН ЖАНЫНДАГЫ ЖАҢЫ КОНУШТАРДЫН КӨЙГӨЙҮ КҮЧ


Кыргызстан эгемендик алган 10 жыл ичинде Бишкектин аянты 30% чоңоюп, аны курчаган 25 жаңы конуш пайда болду. Жаңы конуштардын түптөлгөндүгүнө 10 жылдан ашса да, турмуш-тиричилик жана социалдык жактан көйгөйлөрү чечилбей, элдин нааразылыгын жаратууда. Премьер-министр Николай Танаев бейшембиде жаңы конуштардын өкүлдөрү менен жолугушуп, нааразылыкка негиз берген жагдайларды иликтөөгө алды.

Расмий маалыматтар боюнча, Бишкекти курчаган жаңы конуштарда 73 миңдей киши жашайт. Бирок иш жүзүндө алардын саны 150 миңден ашык. Тургундардын бир даары 1989-жылы үй салууга жерди уруксатсыз эле басып алып отурукташкан менен, көбү андан кийинки ички миграциянын күч алган учурунда келишкен. Алардын турмуш-тиричилик көйгөйлөрүн жөнгө салыш үчүн 11 жыл ичинде 10 мектеп, 11 медициналык жай, 200дөн ашуун трансформатордук кичистанция курулду. Андан тышкары, 500 чакырым узундуктагы электр зымы жана 150 чакырымдык суу түтүгү тартылып, 187 чакырымдык жол салынды. Бирок булар жеке үй куруучуларды жолдордун, мектептердин, электр энергиясынын тартыштыгынан арылткан жери жок. Жаңы конуштардын тургундарын айрыкча электр жарыгынын тартыштыгы кыйла жүдөтүп келет. Ал тууралуу «Бакайата» жаңы конушунун 10 жылдан бери жашап жаткан тургуну Картаңбаева Анара мындай дейт:

- Маселен, биздин Алманбет көчөсүнө «жаңы трансформатор коюп беребиз» дешкен. Ал коюлган жок. Азыр кыш баштала электе эле үч жолу өчүрүштү. Кичинекей балдарыбыз бар. Алар ооруп жатышат. Өзүбүз ооруп калганда да телефон жок, ар кай жакка жүгүрөбүз. Бул кандай кыйноо! Муну айтып арыздансак эле, «ана-мына» деп жооткотушат. Жок дегенде трансформаторду коюп беришсе болот эле. Кыш боло электе эле өчүп атса, кышта эмне айла кылабыз? Электр энергиясына болсо такай төлөйбүз.

«Бакайата» жаңы конушунун тургундарын нааразы кылган дагы эки олуттуу жагдай бар. Анын бири - Бишкек ТЭЦинен чыккан күлдү шамал учуруп келип, конуштун экологиялык абалын бузат. Экинчиси - Аламүдүн райондук тери иштетүүчү комбинатынан чыккан саркынды суунун абаны бузган жагымсыз жыты. ТЭЦтен чыккан күл 5 жерге топтолуп, аны 7 фирма кайра иштетип, кирпич куюп сатат. Пайданы кууган фирмалар да, аткаруу бийлиги да жергиликтүү тургундардын күл чогулган жерди жабуу талабын көңүл сыртынан чыгарып келишет. Ал эми Аламүдүндөгү тери иштетүүчү комбинат Пакистандын «Ледер пак» аттуу фирмасына пайдаланууга берилген. Фирма элден чогулткан мал терисин ошол жерде алгачкы иштетүүдөн өткөрүп алып, таза терилерди чет өлкөлөргө ташып кетет. Жергиликтүү бийлик башчысы Үсөн Нурманбетовдун айтымында, химиялык заттар кошулган саркынды суу конушту каптабай, башка жакка кеткидей жана абаны бузбагыдай кылып чара көрүүнү талап кылып, тургундар былтыр жазында пикетке да чыгышкан. Бирок чет өлкөлүк фирманын башчысы Мухамед Салих «мен премьер-министрдин кеңешчисимин, силер эч нерсе кыла албайсыңар» деп, алардын талабын четке каккан. Ал тууралуу конуштун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын башчысы Үсөн Нурманбетов мындай дейт:

- Бул жерге 1997-жылы Апас Жумагулов да келип, өкмөттүн «күл төптөлгөн жер жабылсын» деген токтомун чыгарган. Ошондон бери бир да жылыш болгон жок. Жок дегенде «Бакайатанын» жанындагы күл төгүлгөн жерди жаап коюшса бизге жеңил болоор эле. Анын үстүнө бизге жакын жерде Аламүдүндөгү тери иштетүүчү ишкана бар. Ал пакистандык фирмага пайдаланууга берилген. Алар тери иштетилгенден кийинки саркынды-таштандылардын баарын биз турган жерге төгүп жатышат.

Тургундардын мындай көйгөйүн уккан премьер-министр Танаев бул маселени чечүүнү Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырды.

- Аларга айыппул салгыла да, кандай гана жол менен болбосун аларды жаптыргыла. Жазгы шамал башталып, күл учурганчакты жабышсын. Экология боюнча силер кам көрүп, андай маселелердин баарын чечүүгө милдеттүүсүңөр, - деп табыштады өкмөт башчысы.

Жаңы конуштардын тургундарын нааразы кылган дагы бир жагдай - жол жана мектеп. Өкмөт үй куруучулар менен өткөн жолку жолугушууда «Бишкектин жогору жагындагы «Арчабешик» конушуна кетчү 370 чакырымдык жол быйыл курулат» деп убада кылган. Николай Танаевдин айтымында, анын ишке ашпай калышына быйылкы табигый кырсыктар себеп болду. Анын үстүнө бул убаданы аткаруу табышталган Транспорт министрлигине 100 млн. сом зарыл. Бирок азыр аны табуу оңойго турбайт.

Жолугушууда жеке үй курууга мындан ары Бишкектен бир укум да жер берилбестигин, жерди уруксатсыз басып алып жаткандарга чара көрүү зарыл экенин Николай Танаев баса белгиледи.

- Жерди уруксатсыз басып алуунун убагы өттү. Азыр жердин баары жеке менчиккке өттү. Жерди менчиктеп алуучулар аны аукцион аркылуу гана сатып ала алышат. Өкмөт дагы эми жерди өз токтому менен бөлүп бере албайт, - деди премьер-министр.

Жолугушууда үй куруучулардын көйгөйүн чечүүгө чара көрүлөөрү айтылган менен, мындай убада жергиликтүү тургундарды ынандырган жок. Ал тууралуу «Бакайата» конушунун бийлик башчысы Үсөн Нурманбетов мындайча оюн айтты:

- Мен буга ишенбейм. Анткени бул маселени менден мурун иштегендер далай жолу көтөрүшкөн. Биз деле айтып жатабыз, бирок аткарылган жери жок.
XS
SM
MD
LG