Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

ЖУМА КҮНҮ БИШКЕКТЕ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БАСМАКАНА АЧЫЛАТ


Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз эл аралык басма үйү ачылат. Аны ачуу аземине АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия мамлекеттери боюнча жардамчысы Элизабет Жоунс жана адам укуктары, демократия жана эмгек маселелери боюнча жардамчысы Лорн Крейнер катышат.

Көз карандысыз эл аралык басма үйү АКШнын Мамлекеттик департаменти менен «Фридом Хаус» эл аралык уюмунун «Басма үйү» аттуу долбоорунун негизинде курулду. Булар берген 800 миң долларга заманбап басма жабдуулары алынып, аны иштетүүчү адистер Швейцариядан окуп келишти. Басмакана гезиттерди көп түстө басып, кардарларга эл аралык деңгээлде кызмат көрсөтөт. Бул Борбор Азия региону боюнча алгач ачылып жаткан эл аралык басма үйү болгондуктан, ал Кыргызстан гана эмес, бүткүл региондогу басма сөздүн жана басма ишинин өнүгүшүнө жол ачат. Ал тууралуу Журналисттер кошкунунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев мындай дейт:

- Көз карандысыз басма үйүнүн ачылышын колдойбуз. Ал биздин басма сөзгө жакшы таасир берет жана эч кандай зыянын тийгизбейт.

Басма үйү менен иштешүүгө эркин гезиттер дилгир. «Журналисттер» коомдук бирикмесинин башчысы Кубан Мамбеталиевдин ою боюнча, нускасы аз гезиттерди басуу келечекте басма үйүн чыгашага кириптер кылышы мүмкүн.

- Мунун келечеги жок. Буларга биздин ички ресурстан киреше түшүшү кыйын. Албетте, грант менен иштеген майда гезиттер иштешет. Алардын нускасы 2-3 миңден ашпайт. Анда алар баасын Кант райондук, «Эркинтоо» басмаканаларынан да төмөн кылышы зарыл, - дейт Кубан Мамбеталиев.
XS
SM
MD
LG