Дүйшөмбү шаарында ал тажик президенти Имомали Рахмонов, өкмөт башчы Окил Окилов менен жолугушат. Күн тартибинде коргонуу жаатындагы кызматташтык маселеси да бар. Ал учурда Индиянын коргоо министрлигинин инженерлер тобу Дүйшөмбүдөн 10 чакырымдай алыстыктагы аскерий базаны жаңыртып, оңдоп-жакшыртуу иштери менен алек.