Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:26

Нарын шаарында күйүүчү май менен кошо жол кире кымбаттады


НАРЫН. Нарын шаарында маршруттук таксилердин жол киреси 3 сомдон 5 сомго, ал эми жеңил автоунаалардыкы 5 сомдон 10 сомго көтөрүлдү. Монополияга каршы саясат боюнча облустук башкармалыктан бүгүн алынган маалыматка ылайык, бензиндин баасы 17 сомго чейин болсо, бүгүндөн баштап 22 сомдон 24 сомго чейин чыкты. Шаарда болгону бир гана май куюучу бекет бензин сатып атат. Ал эми Нарын автобекеттер бирикмесинин билдиргени боюнча, облустун аймагындагы автобустардын билет баасы 5 сомго кымбаттады. Нарын-Бишкек каттамынын билети кымбаттаган жок, бирок анын да баасы көтөрүлүшү мүмкүн. Айдоочулар болсо, кызыл кулактар бензиндин литрин 28 сомдон сатып жатышканын айтышууда.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG