Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Кар калың жаагандыктан, Жалалабад-Казарман автожолу жабылды


ЖАЛАЛАБАД. Облустук чукул кырдаалдар башкармалыгынан бүгүн алынган маалыматка караганда, Жалалабадды тоолуу Тогузторо району менен байланыштырган 153 чакырымдык жол жабылды. Анткени деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктиктеги Сарыкыр ашуусуна кар түштү. 23 миңдей калкы бар райондун жүргүнчүлөрү эми облус борборуна келиш үчүн Нарын-Бишкек-Жалалабад жолу менен 1000 чакырымдай аралыкты басып өтүшү керек. Облустук жетекчилик тогузторолуктарды нааразы кылбаш үчүн Казарман тараптан жол ачуу аракетин кубаттап, кошумча техника, күйүүчү май жиберүү жана жол ачуу милдети облустук жол башкармалыгына жүктөлдү. Жол жыл сайын апрель, май айларында ачылат.

XS
SM
MD
LG