Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Елизабет Жоунс «А.Акаев кийинки шайлоо тууралуу чечкиндүү билдирүү жасады» деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгы ар тараптуу. Алардын ичинен экономикалык реформа багытындагы кызматташтыктын өзгөчө мааниси бар. Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз басма үйүнүн ачылышына байланыштуу өткөн маалымат жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Елизабет Жоунс ушундай пикирин билдирди. Ал 2005-жылы өтө турган президенттик шайлоону Кыргызстанда күтүлүп жаткан маанилүү окуялардын бири катары баалады. Е. Жоунстун айтымында, бул өнөктүктүн ийгиликтүү өтүшү үчүн натыйжалуу мыйзамдарды кабыл алуу, атуулдук коомду өнүктүрүү, байкоочуларды даярдоо маселелерине көнүл бурган оң. Анын пикиринде, президент Аскар Акаев келерки президенттик шайлоого барышына Конституция жол бербей тургандыгын ачык жарыялап, чечкиндүү билдирүү жасады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG