Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

Германия алгачкы атомдук электростанциясын жабууда


БЕРЛИН. Бүгүн Германияда мындан 32 жыл илгери курулган атомдук элетростанцияны жабуу иштери башталды. Станция Германиянын энергетика тармагындагы структуралык кайра куруунун алкагында жабылууда. Өлкөнүн түндүгүндөгү Штаде атомдук электростанциясы Германиянын келээрки 20 жылдын ичинде токтотула турган 18 атомдук электростанциянын алгачкысы. Бул мөөнөттүн ичинде Германия энергетика тармагын табыгый газ, шамал жана күндүн энергиясына өткөргөнү жатат. Мындай чечим 1998- жылы канцлер Герхард Шрөдердин социал демократиялык партиясы менен коалиция түзгөн Жашылдар партиясынын сунушу боюнча кабыл алынган.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG