Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Эл Аралык Валюта Кору Казакстандагы экономикалык өнүгүүгө оң баа берди


АЛМАТЫ. Эл Аралык Валюта Корунун Казакстанда жүргөн башкы директору Хорст Көлер жумурияттын өткөн беш жыл ичиндеги экономикалык өнүгүүсүнө оң баа берди. Хорст Көлердин айтымында, өткөн 10 жылдын ичинде Азия өлкөлөрү экономикалык өсүш жагынан Европадан ашып кетти, бирок алардын бири да Казакстандагыдай өндүрүштүк өнүгүүгө жете алган жок. Өлкөнүн өндүрүштүк өсүшү үч жыл катары менен 10% пайыздык деңгээлде болду. Быйыл жана келээрки жылы өсүш, бери дегенде, 8 процентти түзмөкчү. Көлер Казак жетекчилигинин мунай тармагынан түшкөн кирешени акылдуулук менен пайдалана алгандыгын жогору баалады.

XS
SM
MD
LG