Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

Иран ядролук программасына байланышкан маселеде Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташууну улантат


ТОКИО. Ирандын тышкы иштер министри Камаль Карази анын өлкөсү ядролук пландарына байланышкан маселеде Бириккен Улуттар Уюму менен толук кызматташа турганын билдирди. Ирандык министр бүгүн Ирандын ядролук программасына байланышкан маселени Япон премьери Юнихиро Койдзуми менен талкуулады. Карази Коопсуздук Кеңешинде Ирандын ядролук программасы боюнча боло турган талкууларда Япониянын колдоосун алууга үмүттөнөт. Министр Ирандын парламенти кошумча протоколго кол койууга расмий макулдугун али бере электигине карабастан, өкмөт Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ менен ак ниет кызматташып, уюм койгон талаптарды аткарганын билдирди.

XS
SM
MD
LG