Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

БАЛАНЫ КАНТИП ТУУРА ТАРБИЯЛАП ӨСТҮРҮШ КЕРЕК?


14-ноябрда Бишкекте москвалык белгилүү педагог Лена Данилованын «Баланын эрте өнүгүшү» аттуу үч күндүк семинары башталды. Ага өлкөнүн жер-жерлеринен бала бакчалардын тарбиячылары жана башталгыч класстардын мугалимдери келип катышууда. Лена Данилова бала толук кандуу өсүп-өнүгүшү үчүн аны 3 жашка чейин жакшылап тарбиялап, окутуу керектигин белгиледи. Анын айтымында, сыналгы менен компьютердин баланын өнүп-өсүшүнө пайдасынан зыяны көп жана колдон келсе баланы энеси бала бакчага бербей эле, өзү тарбиялаганы дурус.

Лена Данилова баланы эртелеп окутуп, тарбиялоо боюнча китептери менен Орусияга жана анын чегинен тышкары мамлекеттерге таанымал. Анын айтымында, окумуштуулар адамдын 3 жашка чейинки өнүп-өсүшү зор мааниге ээ экенин далилдешкен. Ошондуктан ымыркай көз жаргандан тартып алгачкы 3 жылда ага жакшылап тарбия берүү зарыл.

- Өмүрдүн биринчи жылдарында тамга таанытып окуутуу бир аз башкача мааниге ээ. Анын мааниси баланын өз алдынча китеп окуй баштаганында эмес, кеп баланын өз алдынча ой жүгүртүүсүнүн өнүгүшүн камсыздоодо, - деди Лена Данилова Бишкектеги «Сейтек» борборунда уюштурган семинарында.

Лена Данилова баланы эрте окутуп, өнүктүрүш үчүн «Зайцевдин кубиги» аттуу усулду колдонууну туура деп эсептейт. Ага ылайык бала тамганы көз менен көрүп эске тутуусуна кошумча катары тамганы тыбыштардын, башкача айтканда, үн аркылуу эске тутуу ыкмасы да пайдаланылат.

Данилова семинарга чакырылган мугалимдердин, бала бакчалардын тарбиячыларынын жана ата-энелердин суроолоруна да жооп берди. «Баланын эрте өнүгүшү деген эмне?» деген суроого ал:

- Эрте өнүгүү деген кичинекей баланын эрте өнүгүшү эле эмес, мектепке чейин эле бала менен иштөөнүн иш-чаралары. Эрте өнүгүү дегенде баланын тигил же бул жөндөмүн биз мурда кабыл алып келген, “жашынан эрте өнүктүрүп-өстүрүү” дегенди түшүнүшүбүз керек, - деген жооп узатты.

Данилованын айтымында, баланын мындай тарбия алышын азыркы учкул заман талап кылууда. Андыктан дайыма алдыга умтулуп жашаганды жакшы көргөн Москвада кийинки кезде төрт жашында китеп окуган балага катардагы көрүнүштөй эле мамиле кылып калышты.

Семинарга Нарын облусунан келген тарбиячыларга Данилованын «баланы энеси колунан келсе ынак сүтүн берип чоңойтуп, бала бакчага бербей эле, өз колунда тарбиялаганы жакшы» деген сөзү жагыптыр.

- Карап турсаң кыргыздын нукура тарбиясына окшоп кетет экен. Мисалы, «эне баланы 3 жашка чейин үйдө карап, тарбиялашы керек» дейт. «Эне үйдө 3 жашка чейинки баласы менен өз эне тилинде сүйлөшүшү керек» дейт. Анан «качан бала чоңойгондо чет тилин үйрөтсө болот» дейт. Мунун баары бизге жакын, - деди Атбашы районундагы Мамбеталиев атындагы орто мектептин мугалими Эркин Акматова.

Данилованын пикири боюнча, баланы эрте жашында компьютерге отургузуп, анан да бир эле убакта бир нече чет тил үйрөнүүгө мажбурлай берүү да туура эмес.

- Компьютердеги кандай гана оюн болбосун, ал зыяндуу. Себеби, компьютер оюндары баланын дүйнөнү туура эмес кабыл алышына негиз түзөт. Бала дүйнөнү алгач ал кандай болсо, ошондой калыбында кабыл алышы керек, андан кийин гана компьютердин көзү менен карасын.

«Муктаждык пайда болгон шартта гана чет тилин жакшы үйрөнүүгө болот. Дегинкисин окумуштуулар бала 10-12 жашынан тартып чет тилин тез жана жакшы үйрөнөөрүн аныкташкан», - деди Данилова. «Сыналгы пайдалуубу же зыяндуубу, мультфильмдердин баланын өсүшүнө таасири кандай?» деген суроого москвалык педагог:

- Кээ бир ата-энелер бир ишти тез арада бүтүрүшү керек болгондо же меймандар келип калганда баласына мультфильм коюп берип кутулушат. Бул баланын өз алдынча иштеп көнбөгөнүн билдирет. Баланын оозун мультфильм менен баскандан көрө, аны өз алдынча иштөөгө үйрөтүү зарыл, - деп жооп берди.

Лена Данилованын буга окшогон ойлору кыргызстандыктарды кайдыгер калтырган жок. Өзгөчө анын айына 500-600 доллар алып, бирок балага эч нерсе бербеген бала бакчаларды сынга алган пикири элге катуу жакты.

Билим берүү жана маданият министрлигинин жооптуу адиси Кылым Сыдыкназарованын айтымында, Лена Данилова Кыргызстанга Азия Ѳнүктүрүү Банкынын «Баланын эрте өнүгүшү» аттуу долбоорунун алкагында келди. Бирок Данилованын усулун республикада колдонуу же колдонбоо тууралуу азырынча бир жактуу чечим кабыл алына элек.
XS
SM
MD
LG