Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

ОБЛУСТАРДЫН ИНВЕСТИЦИЯЛЫК РЕЙТИНГИ АНЫКТАЛДЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек Чет өлкөлүк инвестициялардын көпчүлүгү өлкөнүн борбору Бишкек шаарына жана аны курчап жайланышкан Чүй облусуна келээри маалым. Региондордун бир кылка өнүкпөй жатканына тынчсызданган өкмөт башка облустарга да инвестиция тартуунун үстүндө иш жүргүзүп жатат. Өкмөттүн тапшырмасы менен жакында Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитет облустардын инвестициялык рейтингин аныктап чыкты.

Бул комитеттен алынган маалыматтарга караганда, региондордун ичинен инвестициялык рейтинг боюнча I орунду Бишкек шаары, II орунду Чүй, III орунду Жалалабад, IV орунду Ысыккөл, V орунду Ош, VI орунду Нарын облустары алышты. Талас менен Баткен облустары болсо VII жана VIII орунду чогуу ээлеп, региондор ичинде алардын инвестициялык рейтинги баарынан төмөн болуп чыкты.

- Биринчи орунду Бишкек бекеринен алган жок. Борбор шаар болгондуктан, бул жерде инфраструктура жакшы өнүккөн. Эл аралык аба майданы бар. Темир жол келет. Интернет жеткирилген жана цифралык негиздеги байланыш түйүндөрү көп. Жергиликтүү элдин төлөө мүмкүнчүлүгү да жогору. Инвесторлордун Бишкекке келип жатышынын себеби ошол, - дейт сөз болуп жаткан комитеттин алдындагы Түз инвестицияларды тартуу борборунун директорунун орун басары Дайыр Кенекеев. Анын айтымында, региондордун инвестициялык рейтинги дүйнөлүк практикада кеңир колдонулуп жүргөн 5 көрсөткүчтүн негизинде эсептелип чыккан. Алардын ичинде инфраструктуранын өнүгүү деңгээли өтө маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Инвесторлор адегенде эле: «Ал жерде темир жана автомобил жолу, аба майданы барбы, байланыш кандай?» - деп сурашат. Аларды куруу болсо көп акчаны талап кылат жана узак мөөнөттө бүтчү жумуш. Ошондуктан «Бишкек менен Чүйдөн башкаларынын келечеги жокпу?» деген суроо туулбай койбойт.

- Четинен шарт түзүлө баштады. 2004-жылдан баштап Тараз-Талас-Суусамыр жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалганы жатат. Ислам Ѳнүктүрүү Банкынын жардамы менен Көлдүн айланма жолу да курулуп калышы мүмкүн. Бардыгы эле жолго барып такалбайт. Жакшы жол болсо да инвесторлор келбей коюшу мүмкүн. Инвесторлор чычкан сыяктуу. Бирөөсү эле келсе, аны ээрчип калгандары да келе беришет, - дейт Дайыр Кенекеев.

Канткен менен изилдөөлөрдүн жыйынтыгы артта калган облустар үчүн жакшы эмес. Өкмөт алардын рейтингин чет өлкөлүк инвесторлор билишин каалабайт.

- Биз эки түрдүү рейтинг түздүк. Ички пайдаланууга арналган рейтинг облустук администрациялардын, министрликтердин иши үчүн түзүлүп, ал эч жерде жарыяланбайт. Текст түрүндөгү рейтингдин экинчи бөлүгү потенциалдуу инвесторлорго арналган. Анда облустардын келечеги жана артыкчылыктары чагылдырган. Бул маалымат англис тилине которулуп, эки тилде Мамлекеттик мүлк комитетинин, Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Финансы министрлигинин жана Инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлүнүн катчылыгынын сайттарына илинип коюлат, - деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азизбек Мадмаров.

Түз инвестицияларды тартуу боюнча борбордун изилдөөсүнө караганда, Талас жана Баткен облустарынын айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жетиштүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Ысыккөл болсо өзүнүн туризмине таянса болот. Нарын тоо-кен өнөр жайынын өнүгүшүнө ыңгайлуу. Жалалабадда гидроэнергетика жана мунай, газ өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча артыкчылык бар. Бир сөз менен айтканда, облустардын баарына инвестиция тартса болот.
XS
SM
MD
LG