Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

БУУнун баш катчысы Кофи Аннан Иран менен МАГАТЭни ортодогу түшүнбөстүктөрдү ыкчам чечүүгө үндөдү


Баш катчы өз билдирүүсүндө Иран атомдук материалдарды өнүктүрүүнү токтотконун жарыя кылганын кызуу кубаттады. МАГАТЭнин өкүлдөрү келээрки аптада Венада чогулуп, Ирандын өзөктүк программасын талкуулашат. Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази Тегеран МАГАТЭ талап кылгандан да көп иш аткарганын белгиледи. "МАГАТЭ талап кылган кошумча протокол парламентте жактырыла электе эле биз агенттиктин инспекторлору иликтөө иштерин башташына макул болдук. Бул аракеттердин баары Ирандын эл аралык келишимдерди бузуу ниети жок экенин айгинелейт", - деди Тегерандык башкы дипломат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG