Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:13

Жорж Буш: америкалык аскерлер Ирактагы милдетин аткарып бүтмөйүнчө эч жакка кетишпейт


Президент Жорж Буш америкалык жетекчилик Ирактагы бийликти ирактыктарга өткөрүп берүүнү каалайт, бирок ал жактагы АКШ аскерлери өз милдетин аткарып бүтмөйүнчө эч жакка кетишпейт деп билдирди. "Биз Иракты эркин жана бейпил мамлекетке айландырыш үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Бул – биздин максат. Ал максатка жеткенден кийин гана Ирактан чыгып кетебиз", - деди Жорж Буш. Ирактагы коалициялык күчтөр үчүнчү түн удаасы менен козголоңчуларга каршы аскерий операция өткөрүштү. Тикриттин жанында АКШнын тикучагы жаадырган октон 7 ирактык набыт болушту. Америкалык командачылык алар асманга ракета коё бермекчи болгонун айтат. Кечээ Багдаддын түндүгүндөгү жардыруудан эки АКШ аскери набыт болуп, үчөө жараат алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG