Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

ГРУЗИЯДАГЫ БАШ АЛАМАНДЫК


Нарын АЙЫП, Прага Грузиянын оппозиция жетекчилери 15-ноябрда өз тактикасын өзгөрткөнү тууралуу жарыялады. Бир аптадан бери Тбилиси шаарында үзгүлтүксүз өтүп жаткан митинг токтотулду, бирок оппозиция жетекчиси Михаил Саакашвили элге кайрылып, аны бийликке баш ийбөөгө чакырды. Президент Эдуард Шеварднадзе болсо, оппозиция менен жолугуп-сүйлөшүүгө даяр экенин кайталоодо.

Грузияда мындан жарым ай мурда, 2-ноябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктары эмгиче чыгарыла элек. Борбордук шайлоо комиссиясы 14-ноябрда билдиргенге караганда, биринчи орунда 21 пайыз добуш менен "Жаңы Грузия үчүн" аттуу өкмөттүк блок келатат. Ажария автономиялык жумуриятынын жетекчиси Аслан Абашидзенин "Демократиялык кайра жаралуу бирикмеси" 18 пайыз добуш чогулткан, ал эми үчүнчү орундагы "Улуттук кыймыл - Демократиялык майдан" аттуу партия үчүн саналган добуштардын 17 жарым пайызы берилген.

Кыймылдын төрагасы Михаил Саакашвилинин айтымында, чындыгында шайлоодо оппозиция жеңип чыккан, бирок бийлик жыйынтыктарды бурмалап, жеңишти андан уурдап алууга аракеттенүүдө. Аталган үч уюмдун добуштарын кошкондо, алар баары биригип 50 пайыздан араң ашат, бирок шайлоого Саакашвилиден алда канча олуттуу жана тажрыйбалуу Нино Буржанадзе же Зураб Жвания сыяктуу оппозициялык саясатчылардын партиялары да катышкан. Эгер алар кеминде 10 пайыздан добуш чогулткан болсо, оппозициянын колуна парламенттеги орундардын жарымынан көбү тийиш керек, ошондуктан толук маалымат жарыяланбай жатканы өтө шектүү.

Экинчи жагынан, Грузия бийлиги алдыга радикал Саакашвилини чыгарып салып, эгер бийликке оппозиция келсе, силерди ушундай адам башкарат деген ойду элге таңуулап жаткандай. Саакашвили болсо элге жасаган көптөгөн кайрылууларында Шеварднадзени Милошевич жана Чаушеску менен салыштырууда жана, анын айтымында, серб менен румын элдеринин тажрыйбасын колдонуп, Шеварднадзенин бийлигин эл кулатууга тийиш: "Көчөгө канча адам чыкса дагы, Шеварднадзе баары бир бийликтен кетпейт деген сөзгө ишенбегиле. Чыгыш Европанын мурдагы жетекчилери Шевардрнадзеден алда канча күчтүү болчу, бирок элдин талабын аткарууга аргасыз болду. Шеварднадзенин режими алардан алда канча алсыз жана алда канча коркок".

Президент Шеварднадзе болсо дээрлик күнүгө - оппозиция менен жолугуп-сүйлөшүүгө даяр экенин кайталайт, бирок, мисал үчүн, 12-ноябрга белгиленген жолугушууга оппозиция жетекчилери келбей койду: "Мен, албетте, диалогду каалайм жана оппозиция менен мамиле түзүүгө кызыкдармын. Мен алардан корккондой же уяла тургандай эч себеп жок. Мен алар менен бир жолу жолуктум. Экинчи жолу да жолугайын дедим эле, алар жолугушууга келбей койду. Мен эки жарым саат күттүм".

14-ноябрдагы митингге Тбилиси шаарында 20 миңге жакын адам катышты. Анын алдында Саакашвили оппозициялык "Рустави-2" аттуу сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Шеварднадзенин кызматтан кетишин дагы бир жолу талап кылды. Анткен менен 15-ноябрда оппозиция жетекчилери өз тактикасын өзгөрткөнү тууралуу жарыялады жана 8-ноябрдан бери өтүп жаткан митинг токтотула турганы билдирилди. Алардын айтымында, мынчалык ири жыйындарда ар башка провокация уюштурулушу мүмкүн.

Саакашвили бирок элге кайрылып, калк бийликке баш ийбеши керек деп жарыялады. Анын айтымында, солдаттар өз башчыларынын буйругун аткарбай, ишкерлер салыктарды төлөбөй, өкмөттүк кеңселердин кызматкерлери жумушка чыкпай койсо, элдик биримдик канчалык күчтүү экенин көрүп, бийлик эч нерсе кыла албай калат. Аны менен катар, Шеварднадзенин президенттик кызматтан чегиниши үчүн эл арасында кол да чогултулууда.

Ажариянын жетекчиси Аслан Абашидзе болсо Маскөө, Бакы жана Ереванга барып, орус, армян жана азербайжан жетекчилери менен Грузиядагы абалды талкуулоодо. Эгер Шеварднадзе бийликтен кетсе, Абашидзе анын ордун басууга каршы эмес.

XS
SM
MD
LG