Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Келерки июнда Иракта өткөөл өкмөт түзүлөт


Андан соң 2005-жылдын этек ченинде өлкөдө жаңы бийлик шайланат. Муну бүгүн Багдадда бийликти ирактыктарга өткөрүп берүүнүн перспективасына арналган жыйындан соң утурумдук башкаруу кеңешинин мүчөлөрү ырасташты. Кеңештин мүчөсү Ахмад Чалабинин айтымында, өткөөл өкмөттүн составы май айына чейин такталып бүтүшү керек. Кеңештин азыркы башчысы Жалал Талабани өткөөл өкмөттүн мүчөлөрү өлкөдөгү бардык саясий фракциялар менен масилеттешип аныктала тургандыгын билдирди. Ирактагы америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер бүгүнкү жолугушууда убактылуу башкаруу кеңешинин мүчөлөрүн Вашингтондун сунуштары менен тааныштырды. Бремер жакында Вашингтонго чакыртылып, бул маселе боюнча Ак үйдө талкуу-таңаштар болгон эле. Анын жүрүшүндө президент Буш бийликти ирактыктарга өткөрүп берүү ишин ыкчамдатуу зарылдыгын белгилеген. Бүгүн Багдадга чукул жерде америкалык аскери колонна жол танабындагы минага жарылып, бир солдат набыт кетип,экөө жарадар болду.

XS
SM
MD
LG