Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:22

Израил өкмөтү Стамбулдагы адисаны кескин айыптады


Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жонатан Пеледдин билдирүүсүндө бул окуя терроризм Израилге жана еврейлерге гана каршы багытталбагандыгын дагы бир жолу ачык көрсөткөн иш болду. Пелед терроризмди дүйнөлүк коркунуч деп атап, ага каршы бүткүл дүйнөлүк жамаат күрөшүшү керектигин, жер шарынын айрым жерлеринде байкалып жаткан кусаматчылык маанайына көз жумуп койгонго болбой тургандыгын белгиледи. Террористтерге каршы күрөш жүргүзүлбөсө, алар дүйнөгө үстөмдүк кылып алышат, деп айтты Израилдин өкүлү. Түркиялык полицияга жардам көрсөтүү максатында Израил Стамбулга эксперттер тобун жөнөтө турган болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG