Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:05

Стамбулда дүрмөттөлгөн эки машина жарылып, 20 киши набыт кетти


Жарадар болгондордун саны 250 адамдан ашты. Полиция ырастагандай, жөөттөрдүн эки таатканасында диний ибаадат өтүп жаткан маалда дүрмөткө шыкалган эки автомашина дээрлик бирдей убакта жарылган. Түркиянын премьери Режеп Тайып Эрдоган жабыркагандардын саны өтө көптүгүн ырастап, бул иш өлкөдөгү стабилдүүлүккө бүлүк салуу максатында жасалганын белгиледи жана адисаны жалпы адамзатка каршы багытталган карасанатайлык деп атады. Тышкы иштер министри Абдулла Гүлдүн божомолунда, кыянаттын артында жергиликтүү жанкечтилер, атүгүл эл аралык террордук уюмдар да турушу мүмкүн. Ички иштер министрлиги окуя үчүн жоопкерчиликти Түркиядагы фундаменталисттик топтордун бири өзүнө алды деген кабарды төгүнгө чыгарды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG