Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол мелдеши аяктады


БИШКЕК. Кыргыз элинин мыкты уулу, киноактер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов жаш кезинде волейбол боюнча өлкөнүн тандалма командасында ойногону белгилүү. Жыл сайын Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол мелдешинин өткөнү салтка айланып калды. Быйыл 8 команда күч сынашты. Мыктылар иргелип отуруп, баш байгеге Ысыккөлдүн «Атакенч», Ички иштер министрлигинин ички кызмат башкармасынын, Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жана Абадан коргонуу боюнча аскердик спорт клубунун волейболчулары талапкер болушту. Мелдештин баш байгесин Ысыккөлдүн «Атакенч» командасы жеңип алды. Ички иштер министрлигинин ички кызмат башкармасы экинчи байгеге татыктуу болду.

Кабарлар топтомун Бишкектен Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG