Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Окуучулар арасында талап-тоноочулук уланууда


ТАЛАС. 15-ноябрда Талас шаарындагы №2 орто мектепке жоон топ ата-эне нааразы болуп келишти. Милийсанын катышуусунда өткөн жыйында окуучулар арасындагы талап-тоноочулук маселеси талкууланды. Аталган мектептин жана Талас университетинин алдындагы лицейдин айрым окуучулары күчкө салып башкалардын акчасын алып жүрүшкөнүн моюнга алышты жана тонолгондордун акчаларын кайтарып берише турган болушту. Алардын ата-энелери чогулгандардан кечирим сурашты.
Айта кете турган маалымат, Талас облусунда окуучулар арасында бири-бирине салык салып, талап-тоноо кѳрүнүшү күч алып кеткен. Мындан тѳрт жыл мурда салыктын айынан бир окуучу ѳз жанын кыйып жиберген факты элдин эсинде. Кийин бул маселе облустук администрациянын коллегиясында талкууланып, абал бир аз оңолгондой болгон. Бирок, бул көйгөй кайра күч алып, эми минтип ата-энелер мектепке каттоого мажбур болушту.
Окуучулар арасында талап-тоноочулук уланууда

ТАЛАС. 15-ноябрда Талас шаарындагы №2 орто мектепке жоон топ ата-эне нааразы болуп келишти. Милийсанын катышуусунда өткөн жыйында окуучулар арасындагы талап-тоноочулук маселеси талкууланды. Аталган мектептин жана Талас университетинин алдындагы лицейдин айрым окуучулары күчкө салып башкалардын акчасын алып жүрүшкөнүн моюнга алышты жана тонолгондордун акчаларын кайтарып берише турган болушту. Алардын ата-энелери чогулгандардан кечирим сурашты.
Айта кете турган маалымат, Талас облусунда окуучулар арасында бири-бирине салык салып, талап-тоноо көрүнүшү күч алып кеткен. Мындан төрт жыл мурда салыктын айынан бир окуучу өз жанын кыйып жиберген факты элдин эсинде. Кийин бул маселе облустук администрациянын коллегиясында талкууланып, абал бир аз оңолгондой болгон. Бирок, бул көйгөй кайра күч алып, эми минтип ата-энелер мектепке каттоого мажбур болушту.

XS
SM
MD
LG