Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Кыргызстандын Коргоо министри Кытайга иш сапары менен барат


БИШКЕК. Кыргызстандын Коргоо министри Эсен Топоев 18-25-ноябрь аралыгында Кытай эл республикасында иш сапары менен болуп, Кытайдын жетекчилиги жана Коргоо министри менен жолугат. Кездешүү учурунда 2003-жылдагы аскердик кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып, келечекте өз ара байланышты чыңдоо боюнча маселелер талкууланат. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлоосуна караганда, соңку жылдарда эки өлкөнүн ортосунда аскер кызматкерлерин биргелешип даярдоо боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. 1997-2003-жылдар аралыгында Кытайда кыргызстандык 32 аскер кызматкери окуп келген.

XS
SM
MD
LG