Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Кытай Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам берди


БИШКЕК. Кытай Эл Республикасынын Шиңжан аскер округунун штаб башчысынын орун басары, генерал-майор Чэн Бин жетектеген делегация жума күнү Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам алып келди. Тутумуна байланыш жана техника жабдуулары, автоунаалар кирген аскердик-техникалык жардамды өткөрүп алуу иш чарасы ушул эле күнү өттү. Ага Кыргызстандын Коргоо министри Эсен Топоев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Чжан Яньянь, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин аскерий атташеси У Чуньжун катышты. Жардам эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин ортосундагы Кыргызстанга бекер жардам көрсөтүүнүн тартиби тууралуу 2003-жылдын 31-мартында кабыл алынган протоколдун негизинде берилди. Мындай маалыматты бүгүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

XS
SM
MD
LG