Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

14-ноябрда Бишкекте «Теңирчилик - Алтай элдеринин дүйнө таанымы» аттуу биринчи эларалык илимий жыйын өз ишин аяктады. Ага жапониялык, даниялык, америкалык, казакстандык жана кыргызстандык окумуштуулар, жазуучулар, журналисттер жана башка кесиптин ээлери катышты. Теңирчилик боюнча ар кандай кызыктуу ойлор, сунуштар айтылды.

«Теңир Ордо» улуттук дөөлөт мурастарды сактоо жана өнүктүрүү коомдук корунун демилгеси менен уюштурулган «Теңирчилик- Алтай элдеринин дүйнө таанымы» аттуу биринчи эл аралык илимий жыйын өз ишин аяктады. Анда теңирчиликтин ар кандай кызыктуу маселелерине арналган 20дан ашык илимий докладдар жана чакан баяндамалар жасалды. Алардын ичинен жапондук окумуштуу Такаши Осованын «Теңирчиликтин байыркы Энесай жазмасына тийгизген таасири», даниялык профессор Вольфганг Чарлипптин «Байыркы түрк ишениминин батыш илимине тийгизген таасири», казакстандык Нигмат Аюповдун «Теңирчилик - түрк элдеринин дүйнө таанымы», кыргызстандык Чоюн Өмүралиевдин «Теңирчиликтин негизи жана таралышы», Дастан Сарыгуловдун «Теңирчилик жана учурдун уңгулуу маселелери» аттуу докладдар жыйындын катышуучуларынын арасында зор кызыгууну туудурду.

«Теңир Ордо» коомдук корунун Бакай кеңешинин мүчөсү, таанымал акын, драматург Эрнис Турсунов өзүнүн чакан баяндамасында байыркы көчмөндүү калктардын, анын ичинде кыргыздар теңирчиликке таянганын жана баккан малдарын («Тору айгыр», «Кочкор», «Жетиөгүз»), тал-теректерди, өсүмдүктөрдү («Актерек», «Чоктал», «Чырпыкты»), күнүмдүк турмушта колдонушкан эмгек куралдарын («Карабалта», «Жаргылчак», «Кетментөбө»), элинин мүнөзүнө, жүзүнө, түсүнө жараша («Акжар», «Көкжар», «Кызылкыя») өңдүү ж.б. аттарды коюп алышканын ишенимдүү далилдер менен белгиледи.

- Кыргыздын элдик медицинасы да, ырым-жырымдары, жөрөлгө-жосундары, каада-салттары теңирчиликке таянышкан. Алсак, өпкө чабуу, ат коюу, көчүк кайруу, баштан суу тегеретүү ырым-жырымдары исламда жок. Кыргыз эли абадан дем, жаратылыштан жем алып жашаган эл болгондуктан, азыркы тил менен айтканда экологиялык жактан таза эл болгон деп тартынбай айтсак болоор эле. Анткени, гүлдү жакасына таккан эмес, гүл кандай жадырап жайнап ачылып турса, ошондой болсун деп мөмөсүн күбүп, ыйык нерсе катары тутушкан. Ошондой эле кыргыз көчмөн болгондуктан карагай кыйып от жаккан эмес, тезек жагышкан. Андан тышкары жер такырланып, эл жакырланып кетпесин деп, ар бир он беш күндө көчүп, журт которуп турган. Ошондуктан жер, өзөн-суулар таза жана мыкты сакталган. Ал эми жыланды ак чачып чыгаруунун өзүндө эле теңирчиликтин касиети бар десек жаңылышпайбыз, - дейт Эрнис Турсунов.

Теңирчиликке арналган илимий жыйын жөнүндө философия илимдеринин кандидаты, Казакстандагы «Экология» элдик академиясынын академиги Кодар Ауэзхан мырза:

- Кыргызстандагы теңирчиликке арналып өткөн илимий конференциянын келечеги өтө зор. Талкуулардын бардыгын кунт коюп уктум. Ошондогу менин байкаганым Кыргызстанда да теңирчилик боюнча бир топ жаңыча ой жүгүрткөн адамдар пайда болуптур. Ага абдан ыраазы болдум. Биздин Казакстанда теңирчиликке кызыккан, эмгек жазып, изденип жүргөн окумуштуулар бар. Ошондуктан мындан ары да теңирчиликти тереңдетип иликтей бермекчибиз.

«Теңирчиликти иликтөөнүн келечеги барбы?» деген соболго Эл аралык Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги, жазуучу Чоюн Өмүралиев:

- Теңирчиликти иликтөөнүн келечегине үмүт чоң. Анткени теңирчиликке кызыккан адамдар келишип, докладдарын жасашты. Биз буга чейин теңирчилик боюнча республиканын алкагында гана иликтөөлөрдү жүргүзүп келгенбиз. Менин маалыматыма караганда чет өлкөлөрдө да көп иштер жасалып жатыптыр. Алсак, Татарстанда теңирчилик боюнча кыймыл көбөйүп, китептер чыгып жатат. Демек, бул биздин элдин көкүрөгүндө гана уялап жаткан ой-максат эмес, бүткүл түрк тилдүү элдердин жан-дүйнөсүндө жүрүп жаткан жараян. Мына ошондой болгондон кийин теңирчиликти иликтөөнүн келечеги бар деп ойлойм.

«Теңир Ордо» коомдук корунун төрагасы, илимий чогулуштун уюштуруучусу Дастан Сарыгулов жыйындын соңу тууралу:

- Конференциянын катышуучулары бир ооздон мындан ары теңирчиликти иликттөө, изилдөө иши улантылсын, күчөтүлсүн деген бүтүмгө келишти. Жалпы жыйындын катышуучулары Эл аралык кеңеш түзүлсүн деген сунушту колдошту жана бир добуштан чечим кабыл алышты. Теңирчилик - бул биздин байыркы маданятыбыздын рухий тамыры, пайдубалы. Ошондуктан жыйындын катышуучулары теңирчиликти кандайдыр бир диний тескери маанайда түшүнбөстөн, тескери көз карашта кабыл албастан, калайык калкка, коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн деген бүтүмгө келишти. Конференциянын катышуучулары экинчи илимий жыйынды беш-алты айдын аралыгында өткөрүүнү сунушташты.

Жыйынга байкоочу катары катышкан АКШнын Карбат Университетинин аспиранты Мониэл Нур:

- Мен үчүн аябай кызыктуу болду. Теңирчилик жөнүндөгү менин түшүнүгүмдү аябай кеңитти. Мен азыр Дастан Исламовичтин китептерин окуп атам. Мен аябай сүйүндүм. Себеби ушунчалык көп окумуштуулар, илимпоздор теңирчилик жөнүндө талкуулашты. Мен да теңирчилик бизге келсе деп үмүт кылып атам, - деди.
XS
SM
MD
LG