Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

ОШ-БАТКЕН ЖОЛУН ӨЗБЕКСТАН ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЖАПТЫ?


Кожогелди Култегин, Ош 11-ноябрда Өзбекстандын Сох районуна караштуу Шархабат кыштагынын тургундары аталган айылдын чегинен өтүүчү Ош-Баткен жолун жети сааттай бууп салышкан. Анын себептери тууралуу Баткен облустук кеңешинин депутаты Кыламидин Абдрахманов Оштогу кабарчыбызга маек куруп берген.

- Кыламидин мырза, адегенде Шархабаттын тургундарынын нааразылык акциясын сүрөттөп айтып көрсөңүз?

- 11-ноябрь күнү мен Баткенден Ошко келе жаткан элем. Саат 9.00-9.30дар чамасында Өзбекстандын Шархабат деген жеринде эл чогулуп алып, кыйкырып-өкүрүп, таш-бетондор менен жолду тосуп салышыптыр. Алар колдорун кармашып, катар туруп алышып адамдарды да, машиналарды да өткөрбөй атыптыр. «Эмне болуп кетти?» деп машинадан түшсөм, жолдо 50дөй машина топтоп калыптыр. Жолдуу буугандар 200-250дөй адам экен. Аларды Өзбекстандын чек ара, бажы, милийса кызматкерлери тынчтандырып жүрүшүптүр.
- Алардын Кыргызстанга карата нааразылыгы эмнеден улам чыккандыгын чечмелеп, түшүндүрүп берсеңиз?

- Шархабаттын алдында мурдатан талаш болгон 15-16 гектар жер бар болчу. «Ал жер биздики!» деп Өзбекстан тарап айтат, «жок, бул жер биздики!» деп Кыргызстан тарап айтат. 15-16 жыл мурда ал жерди талашуудан чоң согуш чыгып кете жаздаган. Атайын аскер бөлүгү келип, ок чыгарып араң токтотушкан, анда Совет бийлиги күчүндө турган. Эки мамлекет тең эгемендик алгандан кийин ушул жерге биздин Кыргызстан тарабынан чек ара кайгуул бекети коюлган. Ага Шархабат айылынан электр энергиясынын зымы тартылып турган.

- Демек, Кыргызстандын чек ара бекети Өзбекстандан электр энергиясын алып келген тура?

- Албетте,Шархабаттын четиндеги бекет ал айылдын элинин кыжырын келтирип турган. Былтыр кышында эл ал жердеги электр энергиясын кыркып салган. Чек аранын башчысы Баткен облусунун губернатору Мамат Айбалаевге 4-5 жолу ырасмий кайрылуу катын жазган, «бул жерге электр энергиясын коюп бериңиз, бул жерде адамдарды текшерүүгө да, кызмат өтөөгө да, жашоого да мүмкүн эмес мындай абал менен» дегендей мазмунда.

- Кыргызстандын ал жерге электр кубатын алып барууга мүмкүнчүлүгү бар беле?

- 20 метр жерден электр зымы өтөт. Бир карагай коюп, бир кичинекей трансформаторду орнотуп койсо чегара бекетинде электр болуп калмак. Бир-эки күндүк жумуш болчу. Эгер аны тез арадан бүтүрүп койгондо кайгуул бекети өзүнүн кызматын улантып, иштей бермек. Андай шарт болбогондон кийин 2-3 ай абдан катуу кыйналышкан чек ара кызматкерлери Бозадыр айылынын жанына - электр жарыгы бар жерге кайгуул бекетин жылдырышкан.

- Демек, Кыргызстан тарапка кирип кетишиптир да?

- Бул маселени биз депутаттар сессияда да карадык. «Эмне үчүн мындай болду?» деп.
- Ал эми Кыргызстандын чек ара бекетин мурдагы ордуна алып келүү аракети качан башталды эле?

- Мындан бир ай мурда - октябрда трансформатор орнотуп, мурдагы ордуна кайгуул бекетин кайра алып барганда коңшулар көтөрүлүп, катуу ызы-чуу чыкпадыбы. Мына ошондо Сох районунун акими менен Баткен районунун акими бул жерди мамлекеттик деңгээлде паритеттүү комиссия карап, чечкенге чейин эч кандай кайгуул бекетин койбой туруу жөнүндө макулдашышкан. Чегара кызматынын башчысы, генерал-лейтенат К. Садиев 21-октябрда премьер-министр Н. Танаевге ушул жерди тез арада чечип берүү жөнүндө кат жолдогон. Бул талаш жер же Өзбекстанга, же Кыргызстанга өтүшү керек. 10-ноябрь күнү губернатор Мамат Айбалаев облустук администрациянын бөлүм башчысы Бакыбек Шадиев деген жигитке кайгуул бекетин кайра орнотуу тууралуу тапшырма берген. Бакыбеков болсо түн ичинде чегара бөлүгүнүн башчысына эч кандай билдирүү жасабастан, вагонду Шархабаттагы мурдагы жерге коет. 11-ноябрь күнү эртең менен коңшулар кайрадан вагон пайда болуп калганын көрүп, жолду бөгөп койгону ошондон.
XS
SM
MD
LG