Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

ДЕПУТАТТАРДЫН ЧЕТ МАМЛЕКЕТКЕ ЧЫККАНЫНА АКЧА ТАРТЫШ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында бейшемби жана жума күндөрү депутаттардын чет мамлекетке сапарлары боюнча сөз козголду. Төрага Абдыганы Эркебаев Жапониянын баш калаасы Токиого барууну болжоп аткан депутаттарга парламенттин эсебинен акча бөлүүгө уруксат берген жок. Спикердин айтымында, чет элдик сапарлар үчүн быйылкыга берилген акча 9 ай ичинде эле короп бүткөн.

Депутаттар Алымбай Султанов, Дүйшөн Чотонов жана анын бир жардамчысы Токиого жөнөгөнү турушкан. Бейшембиде палата отурумунда төрага Жапонияга барууга камданып тургандардын жол киреси, жатак акысы өңдүү чыгымдарды парламенттин капчыгынан алуу жагын чечип берүүнү суранган катты окуп берди. Андан кийин Абдыганы Эркебаев «мындай сапарлар ырасмий болбогондон кийин Жогорку Кеңештин эсебинен каржыланбайт» деп кесе айтты. Анын сөзүнө караганда, чет жакка чыгууга деп бюджеттен бөлүнгөн акча 9 ай ичинде эле жок калган. Анын үстүнө Токиодон кыргыз парламентине ырасмий чакыруу келген жок. Андыктан төрага «мамлекеттин эсебинен жөнөтүүгө каржы жагы эле эмес, регламентте бекитилген мыйзамдык норма да буга жол бербейт» деди.
Ошондон кийин Дүйшөн Чотонов Токиого баруудан баш тартканын билдирди. Ал эми Алымбай Султанов микрофонго келип:
- Жогорку Кеңеште акча жок деп атасыз. Акча жагын чечип бербей эле коюңуз. «Барып келгиле» деп акча берсеңиз да албайм. Урматтуу депутаттар, силер да угуп алгыла, «Мейли, барып келгиле» деген уруксатыңар эле керек мага, - деди.
Чынында эле Жогорку Кеңеште чет мамлекетке чыгуу өзүнчө оор да, кызык да маселе. Спикер баштаган ырасмий делегациялар чакырган жакка сөзсүз парламенттин эсебинен барышат. Ал эми парламент аралык эмес чакырууларга деле мамлекеттик казынанын эсебинен баргысы келген депутаттар төраганы буга көндүргөнгө далалат кылган учурлар көп эле учурайт. Депутаттардын арасында чет мамлекетке чыгуу жагынан планды ашыгы менен толтургандар, ошондой эле, Алмата же Москва менен чектелгендери да бар. Мыйзам чыгаруу жыйынын эл аралык кызматташтык бөлүмү жыл сайын ким каякка канча жолу чыкты деген отчетту депутаттарга таратып турат. Бул бөлүмдү жетектеген Бакыт Бакетаевдин «Агым» гезитине берген маегинде айтылгандай, ар бир эле депутат чет өлкөгө аттанып жаткан делегациянын курамына кирип калгысы келет. Бакетаев тизмеге кирбей калган депутаттар чырдаган, кимдир- бирөөлөрдү айыптаган да учурлары болот дейт.
Жума күнү депутаттардын отурумунда бул маселе дагы бир ирет козголду. Алымбай Султанов «депутат да эмес, Жогорку Кеңешке да тиешеси жок эле бирөөнүн Филиппинге барып келишин парламент эмне үчүн каржылаган?» деп чыкты. Бул фактыны териштирүү жагын спикер этикалык комитетти жетектеген депутат Орозбек Дүйшеевге тапшырды.
- «Чет өлкө сапарларын этика боюнча комитет текшерсе болот эле» деген сунуштар мурда да айтылган.Ошондон улам иликтөө жүргүзөлү деп атабыз, жыйынтыгын сөзсүз билдиребиз. Депутаттардын арасында чет мамалекетке көп чыккандары, барбай турган деле сапарларга бара бергендери болот экен. Бирок, чындыгында, бюджеттен Жогорку Кеңешке чет элдик сапарлар үчүн деп бөлүнгөн акча менимче, аз. Бул эми биздин экономикабыздын абалына жараша болуп жатат да, - дейт Орозбек Дүйшеев.
Чет мамлекетке жөнөп аткан депутатка ырасмий сапар болобу же жеке чакыруу боюнчабы, айтор, майда- чүйдө күнүмдүк чыгымдары үчүн деп 100- 150 АКШ доллары берилет. Ал эми мамлекеттин эсебинен барчу болсо, киши башына канча кетээрин өзүңүздөр эле боолголосоңор болот. Депутаттардын айрым сапарлары жөн гана таанышуу мүнөзүндө болгондуктан, андай сапарлар туристтик маанайда эле болуп калат. Учурунда Мыйзам чыгаруу жыйынын материалдык департаментин жетектеген Токон Шайлиева депутаттардын чет өлкөгө баруусун чектеп, бул тууралуу маалыматты гезиттер аркылуу элге билдирип турчу. Шайлиеванын айтымында, азыр да андай күрөштү улантыш керек. «Мамлекеттик казынанын акчасын үнөмдөйм деп депутаттарга жаман көрүнгөм. Мен кеткенден кийин да ошол күрөштү улантыш керек болчу» дейт азыр Бишкектин Биринчи май районун жетектеген Токон Шайлиева.
Бул маселе боюнча талаш-тартыш депутаттар чет өлкөгө өзү эле чыкпай, жардамчыларын да кошо ала барып жатканынан чыкты өңдөнөт.
- Депутаттар ошончо каражатты коротуп чет өлкөгө барып келгенден кийин республика үчүн пайдалуу нерсе алып келиши керек. Туура, кээде жөн эле барып келгендери деле болот. Мен айрыкча жардамчыларын, кеңешчилерин мамлекеттин эсебинен алып барганга каршымын. Депутат чет өлкөгө сапарына эл аралык уюмдардан каражат издегенди үйрөнүш керек. Азыр Кыргызстанда андай уюмдар абдан көп, - дейт Токтокан Боромбаева.
Мыйзам чыгаруу жыйыны буга чейин 60ка жакын чет өлкөлөргө өз делегациясын жиберген. Соңкуларын айтсак, май айында А. Эркебаев башында турган топ Канадада болгон. Бир жума мурда спикер баштаган депутаттар Грециядан келишти.
XS
SM
MD
LG