Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАШЫРУУН СЫРЫ, ЖУСУП АБДЫРАХМАНОВДУН КҮНДӨЛҮГҮ, КАЗАКСТАНДАГЫ ЖАЛДАНМА КЫРГЫЗДАР


Апта соңунда чыккан кыргыз басылмаларында президент А.Акаевдин Индияга иш сапары, юстиция министрлигинин Интернетке жайылып кеткен жашыруун сыры, Казакстандын тамеки талааларында жалданып иштеген кыргыздардын ит турмушу чагылдырылды. Кыргыздын азамат уулу Жусуп Абдырахмановдун өмүр жолунун мурда белгисиз барактары ачылууда. Электр жарыгы өчүрүлө баштаган айылдардын тургундары «Электр жарыгы өчүрүлгөндөрдүн» коомдук кыймылын түзүшүүдө.

Кыргыздын өткөн кылым башындагы интеллигенттери коммунисттик репрессиянын капшабына кабылып, арманда кетишкени жума күнкү «Эркин тоо» гезитиндеги Сыртбай Мусаевдин макаласында козголду. Алардын кайгылуу өмүрү «залкарларын жок кылып алган кыргыз элинин оор трагедиясы,- деп белгилейт автор,- болгондо да уруулук-патриархалдык бөлүнүп-жарылуучулук, жердешчилик саркындыларынан сызылып чыккан уунун залалдарынан болгон трагедия, болгондо да кыргыз элинин ичинен чыккан аксымдардын, көралбастардын, карөзгөйлөрдүн, кошоматчылардын, жагынуучулардын, түркөйлөрдүн жандүйнө, кандүйнө түпкүрүнөн сызылып чыккан уунун залалдарынан болгон трагедия...»

Жусуп Абдырахмановдун жекече турмушу, Владимир Маяковский менен тааныштыгы, Лиля Брик экөөнүн мамилеси «В конце недели» апталыгына жарыяланган Аскар Какеевдин макаласында баяндалган. Басылманын жаңы санында андан тышкары Кыргызстандын Украинадагы элчиси Эсенгул Өмүралиевдин саясаттагы ыйман тууралуу ой жоруусуна да орун берилген. Анын пикиринде, «аткарылбас убадаларды берүүнү токтотуу зарыл. Бийликтин бизнес менен аралашып кетиши коррупциянын чайлап-коолап өнүгүшүн шарттоодо. Ишин билбеген жетекчилердин арбындыгы, шайлоо кезинде бийликтин өмгөгүнө салып каалаган талапкерди өткөрүү аракетин токтотуу керек. Коом өзү, башкаруучулар тазаланмайын укуктук, эркин, демократиялык өлкө тууралуу кеп кылбай эле койгон оң».

Индиянын башкалаасында ЮНЕСКОнун колдоосу менен өткөн жалпы билим берүүгө арналган чоң жыйын тууралуу репортажды апта соңундагы «Кыргыз туусу» гезити жарыялады. Басылманын жазганына караганда, «Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын саны төрт эсеге көбөйгөн. Студенттердин саны 190 миң. 1995-жылы республиканын 10 миң кишисинин 150 жакыны жогорку билим алуу аракетинде жүрсө, азыр ал көрсөткүч 400 жетти».

4 миңден ашуун кыргызстандыктар Казакстанда тамеки талааларында иштеп жүрүшкөнүн «Заман Кыргызстан» гезити жума күнкү санында маалымдады. Оор жумуш, начар шарттын айынан алардын көбү ооруга чалдыгып, быйыл эле 16 адам кургак учуктан набыт болгон. «Тамеки талааларында иштеген кыргызстандыктар өз укуктары үчүн күрөшпөйт», деп белгилейт гезит кабарчысы К.Элкеева.

Казакстандын тамеки талаасында жалданып иштегендердин оор абалы тууралуу жума күнкү «Бишкек таймс» гезитиндеги Топчугүл Шайдуллаеванын макаласында да баяндалган. «Сабатсыздык, айрыкча укуктук сабатсыздык алардын кембагалдыгы менен кошул-ташыл болуп, буларды биротоло желкеден басып салган,- деп жазат автор. – Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө деп аталган чакта Бишкектен 400 чакырым ары жакта алар накта кул кейпин кийип отурушат. Кожоюн аларды эмне кылса өзү билет. Анткени эч ким буларды көзөмөлгө албайт».

Кыргыз кыз-келиндерин Бириккен Араб Эмиратына мыйзамсыз жөнөтүү ыгын алган ортомчулардын алтоосу кармалганы ушул эле басылмада маалымдалат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, ушу тапта арабдардын түрмөлөрүндө кыргызстандык жүздөн ашуун кыз-келиндер жатат.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин «жашыруун» сакталчу көрсөтмө катынын көчүрмөсү Интернетке чыгып кеткенин «МСН» гезити жаңы санында жарыя кылды. Өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө жана улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган диний уюмдарды, бейөкмөт бирикмелерди жана маалымат каражаттарын аныктап, алардын иштешине мүмкүндүк бербөөнү талап кылган Юстиция министрлигинин катын Рина Приживойт комментарийлеген. Катта коммерциялык эмес уюмдарды каттоодо аны уюштуруп аткандардын оппозициялык күчтөргө катышы бар же жоктугун аныктап чыгуу талабы коюлган. Приживойттун жазганына караганда, Юстиция министрлиги «Наша столица» гезитин каттоону үч айдан бери кечеңдетип жатат. Жаңы гезит «МСН» чыкпай калса анын ордун басмакчы.

«Кыргызстандын сотторунда акыйкат жок. Нааразы болуп өзүмдү өрттөөгө дуушар болдум!» Ушундай мазмундагы плакат жазып алып өзүн өрттөөгө бел байлаган баатыр-эне, ак чач байбиче Гүлүйпа Бейшеналиева Өкмөт үйүнүн алдына кызы менен чыкканын Замир Өсөров «Бир канистир бензин менен пикетке» деген репортажында баяндайт. Бейшеналиева акыйкаттык издеп сотко 18 ирет кайрылган.

Аламүдүн районунун Садовое айылынын тургундары «Электр жарыгы өчүрүлгөндөр» коомдук кыймылын түзүшкөнүн жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезити жарыя кылды. Электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы болгон ошол эле Аламүдүндүн Раздольное айылынын жашоочулары «Манас» аэропортуна алып баруучу жолду буумай болушканда жарык берилген. Коопсуздук кеңешинин жыйынында электр акысына карыздын өлчөмү 2 млрд. 550 млн. сомго жеткени белгиленген.
XS
SM
MD
LG