Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

ИНДИЯГА БАРГАН ПРЕЗИДЕНТ, БАТКЕНДЕГИ ТАЛАШ, КЫМБАТТАГАН БЕНЗИН, ЖЫЙНАЛГАН ТҮШҮМ, БАСМА ҮЙҮНҮН АЧЫЛЫШЫ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек шаары Бул аптада президент Аскар Акаев Индияга барып келди. Баткен облусунун чегарасында коюлган кайгуул бекети өзбекстандыктардын нааразылыгын жаратты. Кыргызстанда бензиндин баасы кымбаттады. Өлкөдө дан эгиндеринин түшүмү жыйналып бүттү. Бишкекте Көз карандысыз басма үйү ачылды. Кыргыздын төкмөлүк өнөрү ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк шедевр катары таанылды. Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстанга кийинки жылы 40 млн. доллар бермек болду.

Бул аптада Кыргызстандын президент Аскар Акаев баштаган делегациясы Индияга барып, Индиянын президенти жана премьер-министри менен жолугушту. Жолугушууларда башка маселелер менен катар региондогу коопсуздук жана терроризмге каршы күрөш проблемалары талкууланды. Кыргызстандын делегациясы Индияга ЮНЕСКОнун «Билим берүү жалпыга» аттуу программасынын алкагындагы жогорку даражадагы III жолугушууга катышуу үчүн барган.

Жакында Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Бозадыр деген жерге коюлган кыргыз чегара бекетинин кайрадан ишке киришине байланыштуу аптанын ортосунда Өзбекстандын Сох районунун 100гө жакын тургундары бекетти алып салууну талап кылышты. Чогулган эл менен эки мамлекеттин облус жетекчилеринин орун басарлары жолугушуп, чегара бекети мыйзам чегинде кыргыз жерине орнотулганын түшүндүргөндөн кийин эл тарап кетти. Мындан соң Баткен облусунун жетекчилиги Өзбекстандын Фергана облусунун акимчилигине кат жазып, дагы бир жолу ушундай аракет жасалса, анда Баткен районунун жашоочулары да Риштан-Сох жолун жаап салууга даяр экенин эскертти.

Бул күндөрү Кыргызстанда бензиндин баасы 5 сомго кымбаттады. Маселен, Бишкекте А-93 үлгүсүндөгү бензиндин наркы 16 сомдон 21 сомго, ал эми А-76 үлгүсүндөгү бензин 14 сомдон 18 сом 40 тыйынга чейин көтөрүлдү. Бул өз кезегинде өлкөнүн көптөгөн облус борборлорунда жол киренин кымбатташына түрткү болду. Атап айтканда, Нарын облусунун ичиндеги унаа каттамдарынын баасы 5 сомго көтөрүлдү. Айрым байкоочулар «бензиндин кымбатташы азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшүн шарттайт» деп жатышат. Кыргыз өкмөтү бензиндин кымбатташына байланыштуу өз пикирин билдире элек. Айтор эмнеси болсо да тоолуу райондордо жашаган элге кыйын эле болчудай. Жакында эле алынган маалыматтарга караганда, Жалалабадды тоолуу Тогузторо району менен байланыштырган 153 чакырымдык жол жабылды. Анткени деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктиктеги Сарыкыр ашуусуна кар түштү. 23 миңдей калкы бар райондун жүргүнчүлөрү эми облус борборуна келиш үчүн Нарын-Бишкек-Жалалабад жолу менен 1000 чакырымдай аралыкты басып өтүшү керек.

Бирок бензин айыл чарба иштери аяктап калган кеч күздө кымбаттаганы абийир болду. Анткени Кыргызстандын аймагында дан эгиндери жыйналып бүттү. Быйыл 1 млн. 916 миң тонна эгин жыйналды. Бул тууралуу премьер-министр Николай Танаев айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата өткөн салтанаттуу жыйында белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, кийинки 10 ай ичинде айыл чарба азыктарынын дүң өндүрүшү 103% ашты, ал эми азык-түлүк өндүрүү тармагына жумшалган инвестициянын өлчөмү 15 млн. долларга жетти.

Бул аптада ЮНЕСКО кыргыз элинин төкмө акындык өнөрүн оозеки искусство боюнча дүйнөлүк 28 шедеврдин бири катары тааныды. Бул туурасында ЮНЕСКОнун башкы директору Коитиро Мацуура кабарлады. Анын маалыматына караганда, мындай чечим ЮНЕСКОнун Башкы Жыйынынын 32-сессиясында кабыл алынган Материалдык эмес мурастарды сактоо жөнүндөгү конвенцияны ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды. «Оозеки жана материалдык эмес» деп аталган шедеврлер эми конвенциянын репрезентативдик тизмесине киргизилет. ЮНЕСКО алгачкы 19 шедеврди 2001-жылы атаган. Эмки шедеврлердин тизмеси 2005-жылы аталат.

Көңүл жайгара турган кабарлардын бири - Эл аралык Валюта Кору (ЭВК) келээрки жылы Кыргызстанга 40 млн. долларлык кредит бөлмөк болду. Бул акча Кыргызстан менен ЭВК биргелешип аткарып жаткан 3 жылдык программанын алкагында берилет. Бул тууралуу ЭВКнын жакында Кыргызстанга келген башкаруучу директору Хорст Келлер билдирди. Анын айтымында, «Жакырчылыкты азайтуу жана экономикалык өсүштү камсыз кылуу» аттуу 3 жылдык программаны Кыргызстан ийгиликтүү аткарууда. Ошондуктан анын 2004-жылга белгиленген акыркы бөлүгү да ЭВФтин колдоосуна ээ болот. Бул программанын алкагында ЭВК Кыргызстанга 100 млн. доллардын тегерегинде жардам берүүгө милдеттенме алган жана анын эки траншы буга чейин берилген.

Бул аптада Кыргызстандын эркин журналисттерин кубантып, Бишкекте Көз карандысыз басма үйү ачылды. Анын ачылышына АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Елизабет Жоунс, демократия, адам укуктары жана эмгек маселелери боюнча жардамчысы Лорн Крэйнер, Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана башка расмий адамдар катышты. Мындан 2 жыл мурун «Маалымат каражаттарын колдоо борбору» деген аталышта каттоодон өткөн бул басмакананы АКШнын Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунун акчалай жардамы менен «Фридом Хаус» эл аралык уюму уюштурду. Басмакана өлкөдө жана Борбор Азия аймагында чыгуучу маалымат каражаттарына кызмат көрсөтүүгө ылайыкташтырылган. Аны 15 кишиден турган байкоочу кеңеш башкарат. Байкоочу кеңешти АКШнын Сенатынын мүчөсү Жон Маккейн жетектейт.
XS
SM
MD
LG