Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Палестинанын премьери Корейи ислам согушчандары менен Израил менен ок атышууну токтотуунун жолун талкуулайт


Палестина автономиясынын премьер-министри Ахмед Корейи ислам согушчандары менен кездешип, Израил менен ок атышууну токтотуу маселесин талкууларын билдирди.
Корейинин сөзүнчө, мындай сүйлөшүү дүйшөмбү күнү Мисирдин чалгындоо кызматынын башчысы Омар Сулейман Батыш Иорданга келгенден кийин, көп узабай башталат.
Омар Сулейман согушчандар менен Корейинин сүйлөшүүсүнө арачылык кылат.
Иерусалимде Израилдин өкмөт башчысы Ариель Шарон кабинет мүчөлөрү менен кездешип, палестиналык өнөгү менен болчу сүйлөшүүнүн мазмунун талкуулады.
Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуунун “Жол картасын” жактаган Шарон менен Корейи келерки жумада кездешет.
Газа тилкесинде кандуу калаба уланууда. Израилдик аскерлер Рафа качкындар лагериндеги бүгүнкү жортуулу учурунда палестиналык эки жаранды атып өлтүрүштү.

XS
SM
MD
LG