Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Иракта америкалык эки тикучар кагышып, 17 аскер өлдү


АКШнын Борбордук командачылыгы бүгүн билдиргенге караганда, ишемби күнү Мосул шаарына америкалыктардын өз ара кагыша кеткен “Блэк хок” тибиндеги эки тикучары кулап түштү.
Авиакырсыкта 17 жоокер курман болуп, 5 аскер жараат алды деп билдирди бүгүн АКШ армиясынын өкүлү Трей Гейт:

- Өткөн түнү кечки саат 6:30 ченде биз эки тикучарыбызды жоготтук. Окуя, өзүңөр көргөндөй, калктуу аймакта болду... Кырсыктан 17 жоокер өлгөнү анык.Дагы беш аскер жарадар болду.

Маалымат булактарынын күбө офицерлерге шилтеп маалымдашынча, тикучарлардын бири антитанкалык гранат ыргыткычтан аткылангандан кийин, башкаруусуну жоготуп, экинчи тикучарды сүзүп алган.
Башар Гази деген адамдын айтымында:

- Өстөн тараптан черүүдөн кайтып, мейманананы көздөй баратышкан АКШлык жөө аскерлер Бурсе районунда буктурмага кабылып, тикучарлар аларды куткарып алууга келген эле. Бир тик учар абада калкып турганда, экинчиси анын үстүнө кулап түштү. Тикучардын бири Шейх Фатхи мечитинен 300 метр алыска түштү. Экинчиси турак үйлөрдүн үстүнө түштү. Учкучтар да набыт болду.

Кырсыктын себеби изилденүүдө.

XS
SM
MD
LG