Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Иракта антикоалициялык күчтөргө каршы тактикалык ракета колдонулду


АКШлык аскерлер Ирактын түндүгүндөгү антикоалициялык күчтөрдүн өңүттөрү деп шектелген жайларга космос аркылуу башкарылчу ракеталарды урушту.
Америкалык күчтөрдүн өкүлү Билл Макдоналддын билдиришинче, ракета Киркуктан 25 чакырым жердеги мурдакы аскерий базага урулуп, бутага таамай тийген.
Ракета чабуулунун зыяны жөнүндө маалымат берилбеди.
Макдоналддын сөзүнө караганда, ракета Багдаддан 220 чакырым жердеги Тажи деген жайдан атылган.
Тактикалык ракета 1-майда Иракта ири согуштук операциялар токтотулду деп жарыялангандан бери алгачкы жолу колдонулду.

XS
SM
MD
LG