Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

КЫРГЫЗСТАНДЫК КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАБ ЭМИРАТТАРЫНДА КАМАКТА ЖАТЫШАТ


Азыр 100дөн ашуун кыргызстандык кыз-келиндер сойкулук боюнча айыпталып, Бириккен Араб Эмираттарынын камагында кармалып турушат. «Аларды ар кандай жолдор менен азгырып, Араб Эмираттарына жиберген» деп шектелген адамдар ички иштер кызматкерлери тарабынан кармалышты. Бул боюнча маалыматты ички иштер министринин орун басары Болотбек Ногойбаев таратты. Анын маалыматына караганда, чоочун жерде калган кыздарды Кыргызстанга кайтаруу максатында иштер жүргүзүлүп жатат.

Бул кыздар - ар кандай жолдор менен азгырылып, алданып кетип, кордук көрүп жаткан кыргыз кыздарынын бир тобу. Атайын кызматтардын маалыматтарына таянып айтканда, кыргыздын көптөгөн кыздары ошол өлкөнүн тартип коргоо органдары тарабынан кармалып, өз мекенине депортацияланат. Алар ириде сойкулук боюнча айыпталууда.

Айрым кыздар чет өлкөгө жумуш издеп барып, же соода-сатык жолу болбой калып ушундай тагдырга дуушар болсо, бир катары киши күчүн соодалаган алдамчылардын азгырыгы менен чет өлкөгө өтүп кетишет. Акыры барып сойкулукту кесипке айландырган кыздардын канчасы кайсы өлкөлөрдө жүргөнү, кандай тагдырга туш болушканы тууралуу так маалымат жокко эсе. Алардын ичинде мындай ишке баратканын билип кеткендер да жок эмес. Ички иштер министринин орун басары Болотбек Ногойбаев жакында өткөн маалымат жыйынында 100дөн ашуун кыргызстандык кыз-келиндер Бириккен Араб Эмираттарынын камактарында жатканын жарыя кылды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ал кыздар сойкулук боюнча күнөөлөнгөн. Учурда аларды Кыргызстанга кайтаруу аракети көрүлүп жатат. Эмираттарда камакта кармалып тургандарды азгырган адамдар колго түштү. Аны Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов да бышыктады. Анын айтуусунда, Бириккен Араб Эмираттарына алдоо жолу менен кыздарды жибергендер колго түшүп, баары болуп тогуз кишинин үстүнөн кылмыш иши ачылган. Тергөөнүн алгачкы иликтөөсүндө мындай айып менен кармалгандар Кыргызстандын Жалалабад облусунун тургундары болуп чыккан. Ж. Бусурманкуловдун айтымында, алданып кеткендер өз каалоосу менен баргандарга караганда көбүрөөк жапа чегишет.

Кыргызстандык кыздардын чет өлкөлөргө алданып барып, сойку болуп кетиши Кыргызстандын олуттуу көйгөйлөрүнүн бири болуп турат. Бул маселе боюнча иштеп жаткан тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстанда киши сатуу күчөп кеткенин өкмөт да моюнга алып жатканын белгилешүүдө. «Буга экономикалык абалдын кескин начарлашы жана жумушсуздук себеп» дешет байкоочулар. Дагы башка эксперттер «сойкулук 10-15 жыл илгери ыйманын жоготкон келин-кыздарга гана таандык көрүнүш катары бааланып келсе, акыркы жылдарда аялдар үчүн акча табуунун кадыресе эле ыкмасына айланды» деген ойдо.

Ал эми укук коргоочулар болсо, «ар кандай жугуштуу оорулардын көбөйүшү жана өз денесин сатканы үчүн жалаң аялдарды айыптоо жаңылыштык» дешет. Айтмакчы, Батыштын айрым өлкөлөрүндө сойку аялдын кызматынан пайдаланган эркек биринчи жазаланат. Ал эми Борбор Азияда болсо жамандыктын баарын аялдан издөө илгерки замандын бир калдыгындай сакталып келет. Мындай абал улана берсе, Кыргызстандагы элдин моралына, өлкөнүн жалпы аброюна көлөкө түшүрүшү мүмкүн.
XS
SM
MD
LG