Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Бензиндин кескин кымбатташы айдоочуларды нааразы кылууда


БИШКЕК, ОШ, КАРАКОЛ. Кыргызстандын аймагында бензиндин баасы акыркы күндөрү орто эсеп менен Бишкекте 5 сомго, Таласта 4, Нарында 8-9 сомго кымбаттады. Бүгүн Ош шаарындагы көпчүлүк май куюучу жайларда А-76 жана А-93 үлгүсүндөгү бензин жок. Айрым жерлерде А-76 үлгүсүндөгү бензин 20 сомдон, А-80 үлгүсүндөгү бензин 21-22 сомдон, А-93 үлгүсүндөгү бензин 24-25 сомдон сатылууда. Шаар четиндеги райондордо баа мындан да 2-3 сомго кымбат. Натыйжада Ош облусунда бензиндин баасы 8-10 сомго жогорулады. Бензиндин кымбатташы эл ташыган автоунаадагы жол киренин да кымбатташына алып келди. Шаар аралык каттамдагы такси менен автоунаанын жол киреси 30-40% көтөрүлдү. Кээ бир менчик машинелердин ээлери кирешеси чыгашасын жаба албай калганынан жолго чыкпай коюшту. Ысыккөл облусунда кечээ 1 литр бензиндин баасы 18 сом болсо, бүгүн ал 22 сомго чыкты. Бензиндин чукул кымбатташына айрыкча жеке сектордогу айдоочулар нааразы боло башташты.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG