Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Талас облусунда калктан электр карызын өндүрүү өтө кыйынчылык менен жүрүп атат


ТАЛАС. Облустун электр энергиясы үчүн карызы 144 млн. сом болсо, бир айдын ичинде ал 7 млн. сомго гана азайды. Акча каражатынын жоктугунан Таластын калкы негизинен картошка тапшырууда. Бирок картошканын сапаты начар болгондуктан, «Түндүк электр» акционердик коомунун Таластагы филиалы «картошка кабыл алууну токтотобуз» деп жарыя кылды. Анын директору Руслан Иманкожоев коопсуздук боюнча облустук кеңештин жыйынында «кызмакерлерибиз 5 айдан бери айлык акысыз отурушат, электр карызы үчүн мал, чөп, көң, айтор тиричиликке зарыл нерселерди ала беребиз» деп билдирди. Жыйында облустун прокурору Адил Жээналиев Талас шаарындагы «Береке» жана «Сейтек» аттуу ири соода комплекстери электр кубатын бир жылдан бери уурдап келгендиги аныкталгандыгын, буга байланыштуу кылмыш иши козголгондугун маалымдады. Бирок бул соода комплекстери өлкөдүгү өтө жогору даражалуу төбөлдүн абдан жакын жек-жаатынын менчиги болгондуктан, анын аты-жөнү аталган жок.

XS
SM
MD
LG