Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:28

Түркиянын коопсуздук кызматтары Стамбулдагы жардыруулар үчүн жоопкер ким экенин иликтөөдө


Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Лондондо чыгуучу "ал-Куддус ал-Араби" гезити Стамбулдагы жардыруулар үчүн "ал-Каида" жоопкер экендиги тууралуу билдирүү алганын кечээ кабарлаган эле. Маалымат башка булактар тарабынан ырастала элек. Түркиялык тергөөчүлөр Стамбулдагы жардырууларды экиден жанкечти жасаган деп болжолдоодо. Ишембиде бул жердеги жөөт синагогаларынын экөөсүндө удама-удаа жасалган жардыруулардан 23 адам өлүп, 300дөн ашуун киши жаракат алган. Курман болгондордун алтоосу - жөөттөр, көпчүлүгү – мусулмандар. Дүйнө өлкөлөрү, анын ичинде араб мамлекеттеринин лидерлери бул терракты айыпташты.

XS
SM
MD
LG