Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Иракта мунай түтүгүндөгү жардыруу мунай ташууну үзгүлтүккө учуратты


Багдаддын жака-белиндеги жардыруудан өрт чыкты. Кырсыктан электр линиясы үзүлүп, өлкөнүн түндүгүндөгү мунай тазалоочу ишканага электр кубаты жетпей калды.
Бүгүн америкалык аскерлер Тикрит шаарынын айланасын минометтон жана танктан аткылашты. АКШнын армиясы ошондой эле каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери деп шектелген кишини колго түшүрдү. Катим Мохаммад Фарис Ирактын борбордук Хаббания шаарында ишемби күнү колго түшүрүлдү. "Фарис Ирактын мурдагы атайын күчтөрүнүн офицери болгон, коалициялык аскерлерге буктурмадан жана жардыргыч менен жасалган чабуулдар үчүн жоопкер" деп айтылат билдирүүдө.
Анын аралыгында, АКШнын президенти Жорж Буш Саддам Хусейндин добушу түшүрүлгөн жаңы үнтасманы "пропаганда" деп четке кагып, буларды кошумчалады:

– Бул - кызылдай пропаганда. Биз ишибизди бүтүрмөйүнчө, Ирактан жылбайбыз. Иракта боштондук жана тынчтык орносо, бул тарыхый окуя болуп калмакчы.

“Ал-Арабия” сыналгысынан уктурулган үнтасмада өзүн Саддам Хусейнмин деген киши АКШ баштаган куралдуу күчтөргө каршы чабуулдарды күч алдырууга чакырган.

XS
SM
MD
LG