Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:23

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ТУУРАЛУУ ЖАҢЫ МЫЙЗАМДЫН ДОЛБООРЛОРУ ПАРЛАМЕНТТЕ ТАЛКУУЛАНУУДА


Жаңы аптанын башында парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорлорун кароого киришти. Талкууга президент Аскар Акаев жана депутат Бектур Асанов тарабынан даярдалган эки долбоор коюлду. Мамлекеттик тил тууралуу мыйзам мындан 14 жыл илгери, социализм доорунда кабыл алынган. Андан бери заман, доор алмашып, шарт-жагдай түп-тамырынан өзгөрүлдү.

Президенттик мыйзам долбоору Улуттук тил комиссиясы тарабынан иштелип чыгып, 2000-жылы Жогорку Кеңешке сунушталган. Жаңы мыйзамдын мамлекеттик кызматка талапкердин кыргыз тил сынагынан өтүшү зарылдыгын тастыктаган 14-беренеси чоң талашка түшүп, анын айынан долбоор чакыртылып алынган. Арада орус тилине расмий тил укугун берген мыйзам кабылданды. Жаңы мыйзамдын чоо-жайын жыйын төрагасы Абдыганы Эркебаев мындайча түшүндүрдү:

- Эки жыл мурда келген. Кайра чакыртылып кеткен. Кайра дагы келгенине бир топ болду.

2002-жылдын августунда депутат Бектур Асановдун «Кыргыз Республикасынынын мамлекеттик тили тууралуу» мыйзам долбоору палатага сунушталды. Ошентип, мыйзам долбоорунун саны экиге жетти. Президенттик мыйзам долбоору боюнча палатанын 17-ноябрдагы отурумунда мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов баяндама жасады.

- Кыргыз тили - түрк тилдүү элдердин эң байыркы тили. Биздин ата-бабабыздан калган ыйык мурас. Мамлекеттик тил тууралуу мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили» деп кабыл алынган. Ошол мыйзам 1989-жылдан бери эч өзгөрүүсүз келатат. Андан бери коомдук-саясий турмушубузда көп өзгөрүүлөр болду, - деп айтты Осмонакун Ибраимов.

Бектур Асанов өзү жазган мыйзам долбоорунун биринчисинен айырмасын анын «либералдуулугунда» деп эсептейт:

- Бул жерде негизинен айырмачылыктарына гана токтолуп кетким келет. Мен жазган мыйзам өтө либералдуу болуп калган. Бир топ окумуштуулар, депутаттар долбоорду «либералдуу болуп калган» деп мени сындап жатышат.

Депутат Адахан Мадумаров президенттик долбоордун кыргызча тексти чаласабат түзүлгөнүн айтты:

- Мына ушул талкуунун аягында адистерден сурап көрүшүбүз керек. Мен берене боюнча, мыйзам боюнча пикиримди айтам. Экинчи бир сунуш. Толеранттуулук, кенендик дегенди четке кагып, тагдыр чечээр маалда баарыбыз колдоп, мыйзамды кабыл алып берсек, туура көрсөңүздөр.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын илим, маданият, тил маселелери боюнча комитетинин төрагасы Жангороз Каныметов «өкмөт мамлекеттик тил боюнча кабыл алган токтомдорун аткарбай келди» деген пикирде.

Депутаттар Николай Байло менен Зайнидин Курманов эки мыйзам долбоорунда бир топ кемчиликтер бар экенин айтып, тилди административдик өмгөккө салып үйрөтүү туура эмес экендигине токтолушту.

- Баарын административдик ыкмага салып ишке ашыргысы келишет, - дейт Зайнидин Курманов. Бирок кабыл алына элек мыйзамга эмитен каршы чыккандарга жооп кылып, депутат Өмүрбек Текебаев коомдук турмушта чектөө сөзсүз болоорун эскертти.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев тилсиз улут жок экенин мындайча чечмеледи:

- Биз келип отурабыз. Биздин сүйлөй турган деле укугубуз жок окшойт. Акыбыз болсо да укугубуз жок окшойт. Негизинен депутаттар сүйлөйт экен. Элди жок кылуунун эң эле оңой жолу бар – ал тилди жоюп коюу. Тилди иштетпей салуу. Эгерде тилибиз иштебей калса, анда кыргыз деген ат өчөт. Кыргыздар, кыргыз улутундагы кишилер жүрүшүбүз мүмкүн. Орустардын арасында, кытайлардын арасында, өзбектин, казактын арасында. Арабыздан миллионерлер, байлар да чыгып кетиши мүмкүн. Бирок улут болбогондон кийин, алардын жекече турмушу мыкты болсо да, эл эл болбой калат.

Мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорунун талкуусу шейшембиде да улантылмакчы.
XS
SM
MD
LG