Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРДЫН ӨЛКӨДӨГҮ РОЛУ КАНДАЙ?


17-ноябрда Бишкекте «Интербилим» борборунун демилгеси менен бейөкмөт уюмдардын республикалык конференциясы өз ишин баштады. Эки күнгө созула турган жыйында өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө бейөкмөт уюмдар өкмөткө омоктуу жардам берип жатышканы белгиленди. Жыйында сөз сүйлөгөндөр «атуулдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо аркылуу бейөкмөт уюмдар канткенде мамлекетти башкаруу ишине батыл аралашат?» деген маселе боюнча ой-пикирлерин айтышты.

Бейөкмөт уюмдар өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүчү реалдуу күчкө айланды. Алар кайсы бир айылды таза суу менен камсыз кылуудан тартып «Кумтөр» сыяктуу ири долбоорлорго чейинки маселелерде өздөрүн өкмөттүн татыктуу өнөктөшү экенин көрсөтүштү. Бейөкмөт уюмдардын 17-ноябрда Бишкекте башталган эки күндүк республикалык жыйынында сөз сүйлөгөндөр атуулдук коомдун ишин ушундай баалашты. Жыйынды «Интербилим» борбору уюштуруп, ага өлкөдөгү 70ке жакын бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү чакырылды. «Интербилимдин» жетекчиси Асия Сасыкбаеванын айтымында, бейөкмөт уюмдар калктын ар түрдүү катмарларынын кызыкчылыгын коргоо менен өлкөнүн өнүгүшүнө омоктуу салым кошуп келатышат.

- Эмне себептен бейөкмөт уюмдар бул иштерди жасашы керек? Дегеле калктын, айрым топтордун жана жеке адамдын кызыкчылыктарын коргоо иши өз кезегинде мамлекетке зор пайда алып келет, - деп эсептейт «Интербилимдин» жетекчиси.

Асия Сасыкбаеванын айтымында, бейөкмөт уюмдар калктын укуктарын коргоо менен бирге атуулдардын Конституцияда жазылган мамлекетти башкарууга аралашуу укугун да турмушка ашырып келатышат. Муну менен мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган чечимдердин сапатынын жакшырышына жана коррупцияга, жакырчылыкка каршы күрөшүүдө оң натыйжаларга жетишсе болот.

Конференцияда атуулдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча үлгүлүү иштердин аттары да жарыяланды. Алардын катарында Лидия Фомова жетектеген Калкты социалдык жактан коргоо боюнча коомдук бирикменин пенсионерлердин жашоо-турмушун жакшыртуу жаатында жасап келаткан иштери, «Диамонд» бейөкмөт уюмунун үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуу боюнча даярдаган жана парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамы, Адам укуктарын жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча бюро менен «Өмүр булагы» бейөкмөт уюмунун «Кумтөр» долбоору боюнча жүргүзгөн иш-чаралары бар.

- Биздин уюм 8 жылдан бери мыйзамдарды өткөрүү жана пенсионерлерге социалдык жардамдарды берүү боюнча иштерди жасап келатат, - дейт Лидия Фомова. - Биз өлкөдөгү 520 миң пенсионерди коргойбуз. Башкалардан өзгөчөлүгүбүз – биз мамлекеттик мекемелер менен тыгыз байланыштабыз. Пенсиянын аз болсо да көбөйгөнү - биздин ишибиздин бир жемиши.

Лидия Фомованын маалыматы боюнча, пенсиянын товар түрүндө эмес, нак акча менен бериле башташына жетишүү үчүн Калкты социалдык жактан коргоо боюнча коомдук бирикме көп күч жумшады. Бирок уюм канчалык иштебесин, пенсия инфляцияга жараша индексацияланбай, көбөйбөй келатат. «Акыркы 12 жылда пенсия бир да жолу индексацияланган жок, азыр орточо пенсия 603 сом», - деди Лидия Фомова.

Жыйында бейөкмөт уюмдар мамлекетти башкаруу ишине, корррупцияга жана жакырчылыкка каршы күрөшүүгө көңүл бурушу керектиги белгиленди. Аймактык изилдөө институтунун жетекчиси Атыркүл Алишеванын айтымында:

- Менин оюмча, «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн үстүнөн иштешибиз керек. Анткени азыркы мыйзам боюнча айыл өкмөттөрүнүн колунда акча жок жана өз алдынча каражат менен иштөө укугу да берилген эмес.

Атыркүл Алишеванын сөзүнө караганда, Дүйнөлүк Банк айыл өкмөттөрүн колдоо боюнча долбоорду ишке киргизди. Ага ылайык азыр айылды өнүктүрүү фонддору түзүлүүдө. А.Алишева «бейөкмөт уюмдар ушул фонддор менен кошо Дүйнөлүк Банктын каражатын натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүшү керек» деп эсептейт.

Адам укуктарын жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча бюронун деректири Наталья Аблова бейөкмөт уюмдар Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын реформалоо долбоорун көз жаздымда калтырышканын чоң кемчилик катары белгиледи.

- Реформалоого 30 млн. доллар жумшалганы менен, азыр калктын ден-соолугун чыңдоо тармагы жарга такалды. Биз бул долбоорду башында эле изилдеп, көз карашыбызды айтканда болмок. Тилекке каршы, долбоор тууралуу биз кеч угуп калдык, - деди Наталья Аблова.

Мындан аркы иш багыттарын аныкташкандан кийин бейөкмөт уюмдар 18-ноябрда республикалык конференциясын жыйынтыкташат.
XS
SM
MD
LG