Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

КАЗАКСТАН МЕНЕН КЫРГЫЗСТАН ТҮБӨЛҮК ДОС ЖАНА ШЕРИКТЕШ БОЛУУГА УМТУЛУШУУДА


Кыргызстандын президенти Аскар Акаев декабрь айында Казакстанга расмий иш сапары менен барууга камынууда. Ага камылга көрүү максатында кечээ Астанага кыргыз өкмөтү эксперттик топ жөнөттү. А.Акаевдин сапарына байланышкан маселе Кыргызстандын өзүндө 19-ноябрда талкууланат. Бул үчүн Бишкекке иш сапары менен Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев келиши болжолдонууда.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндөгү макулдашууга 1996-жылы кол коюлган. Кошуна эки өлкөнүн кызматташтыгы жалпысынан ушул документке негизделет. Анын үстүнө кошуналык, тарыхый жана улут аралык мамилелер эки өлкөнү жакындаштырган факторлор катары кызмат кылып келатат. Ошондуктан, Кыргызстандын жетекчилиги эки өлкөнүн мамилесинде саясий өңүттө талаш-тартыштар жок экенин белгилеп жүрөт.

Дүйшөмбү күнү бул маселеге байланыштуу маалымат жыйынын өткөргөн Тышкы иштер министрлигинин КМШ иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкуловдун пикири да ушундай болду.

- Бүгүн Казакстан менен биздин ортобузда саясий эч кандай проблема жок, - дейт ал. - Биз эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерде, эл аралык уюмдардын, маселен, БУУнун, ЕККУнун, КМШ, ШКУ, ЕврАзЭСтин алкагында өтө күжүрмөн кызматташып келатабыз.

Бирок, Эркин Мамкуловдун пикиринде, Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда чечүүнү талап кылган проблемалар бар. Анткен менен алар экономикалык гана өңүттү камтыйт. Маселен, суу-энергетика, өнөр жай же соода-сатык өңдүү маселелерде тараптар бир пикирге келе албай жүрүшөт. Кыргызстандын Казакстандагы эгемендүүлүк алгандан кийинки алгачкы элчиси Тилектеш Ишемкуловдун пикиринде, бул убактылуу көрүнүш жана 3-4 жыл аралыгында казак-кыргыз мамилесиндеги айрым өксүктөр жоюлат.

- Жалпы тыянакка келе элек учурда ички-тышкы ырк кеткен убактар көп эле болот, - дейт Тилектеш Ишемкулов. - Маселен, чегарадан өткөрүүдөгү кыйынчылыктар, бажыдан алган салыктар жана ушул сыяктуу көп эле маселелер азыр күн тартибинен алына элек. Менин оюмча, буларды бир үстөлгө ийри отуруп, түз кеңешип, саясий ыкмалар, саясий жолдор менен чечпесек, ар ким эле өз алдынча күйпөлөктөй берсе, андан майнап чыкпайт.

Өлкөнүн жетекчилиги айрым маселелерди жөнгө салуунун аргасын кызматташтыкты жаңы баскычка көтөрүүдөн көрүп жатат. Эки президенттин «Шериктеш мамиле жөнүндө» келишим түзүүнү чечишкенинин жөнү да ошол. Бул келишим – А.Акаевдин Астанадагы иш сапарынын учурунда кабыл алына турган башкы документ. Э. Мамкуловдун маалыматы боюнча, бул документ кабыл алынса, Кыргызстан эки тараптуу шериктештик деңгээлинде экинчи өлкө менен кызматташа турган болуп калат. Биринчиси - Орусия. Буга байланышкан документке эки өлкө 2000-жылы кол койгон. Ал эми АКШны Кыргызстан стратегиялык өнөктөшү катары санайт. Шериктеш кызматташтыктын өзгөчөлүгү эмнеде? Аны Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Эркин Мамкулов мындайча чечмеледи:

- Муну менен биз кызматташтык мамилени «Түбөлүк достук жөнүндөгү» келишимге салыштырмалуу дагы бийигирээк деңгээлге чыгарабыз. Бул биринчи кезекте саясий, аскердик-саясий, аскердик-техникалык тармакта кызматташууга байланыштуу. Албетте, мындан тышкары биз шериктеш катары бири-бирибизге жардамдашышыбыз керек. Анын ичинде, маселен, келишимдин долбоорунда «эки өлкөнүн бирине кимдир-бирөө кол салган учурда алар бири-бирине ар тараптуу жардам көрсөтөт» деген жери бар (анын жүзүн ары кылсын). Мындан тышкары, долбоордо экономикалык өңүттөгү бардык тоскоолдуктарды алып салууну ыңгайлаштырган жоболор да бар.

Президент Аскар Акаев Астанага барганда бул макулдашуудан тышкары «Мамлекеттик чегарадагы өткөрмө пункттар жөнүндөгү» жана «Эл аралык автомобиль байланыштары жөнүндөгү» эки макулдашууга кол коюлаары күтүлөт.

Транзиттик каттамдарды Казакстан аркылуу өткөрүү күн тартибиндеги орчун проблема бойдон турат. Ошондуктан Кыргызстан эл аралык транспорт каттамдарын кошуна өлкө аркылуу Орусияга жана башка өлкөлөргө уруксатсыз эле өткөрүүгө макулдук алууга кызыгат.

Президент А.Акаевдин иш сапарына байланыштырылган ушул жана башка маселелердин бардыгын Кыргызстандын тышкы соода жана өнөр жай министри Садридин Жээнбеков баштаган экспертик топ Астанада, Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев Бишкекте талкуулап, ийине жеткириши керек. А. Акаевдин Астанага барышынын так мөөнөтү да ушул талкуулардын учурунда такталаары айтылууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG