Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

АКШ Иракта утурумдук өкмөт түзүлгөндөн кийин да аскерлерин алып кетпейт


Бул тууралуу АКШнын президенти Жорж Буш кечээ Вашингтондо ирактык аялдар менен жолуккан учурунда билдирген. Президент Буш Ак үйдөгү жолугушуудан соң кабарчылар менен болгон маегинде белгилегендей, террорчулардын Иракта жаңы өкмөт бийликти колго алып, стабилдүүлүктү камсыздаганга чейин АКШны бул жерден кетирүү аракетинен майнап чыкпайт. АКШ менен Ирактын Башкаруу кеңешинин ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Иракта саясий жараян тездетилип, келээрки жылдын ортосуна чейин утурумдук өкмөт уюштурулушу керек. Ирактагы америкалык администрациянын башчысы Пол Бремердин айтымында, өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоору февраль айында даяр болушу мүмкүн. Ал эми Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөсү Ахмед Чалабинин болжолунда, козголоңчулар бийликти ирактыктарга өткөрүп берүү жараянын үзгүлтүккө учуратуу үчүн терракттарды күчөтүшү ыктымал. Мунун аралыгында, Багдаддагы кечээги кол салуулардан эки америкалык жоокер мерт болуп, экөөсү жаракат алды.

XS
SM
MD
LG