Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Пауэлл Иран боюнча катаал резолюция кабыл алууга үндөдү


АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Брюсселде өтүп жаткан Европа Биримдигине мүчө жана ага келээрки жылы кошула турган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты. Пауэлл анда Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу Евробиримдикке мүчө айрым өлкөлөр сунуш кылган резолюцияны катаалдантып, Тегеран кооптуу курал даярдабаганын ишеничтүү далилдеп бериши керек деп талап кылууга үндөдү. Жыйында андан сырткары Ирактагы кырдаал, Жакынкы Чыгыштагы жагдай жана Евробиримдиктин коргонуу жаатындагы пландары талкууланмакчы. Сүйлөшүүнүн алгачкы күнү, кечээ Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солана Иран өзүнүн өзөктүк программасы тууралуу болгон чындыкты айтып жатканына ишеничин билдирген.

XS
SM
MD
LG